Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

 

                Үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде, INTOSAI Өнүктүрүү Демилгеси тарабынан башталган, 2021-2022-жылдар аралыгына карата  жогорку финансылык контролдоо органдарынын

 аудиторлорун кесиптик пилоттук окутуу PESA-P боюнча "Ачык эшиктер" күнү болуп өттү. PESA-P бул жогорку финансылык контролдоо органдарында аудитордук адистердин жетиштүү санын түзүүгө багытталган кесиптик билим берүү демилгеси.

 

Жолугушуу англис тилинде онлайн конференция режиминде өттү. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери, финансылык контролдоонун жогорку органдарынын эл аралык уюмуна мүчө 21 өлкөнүн өкүлдөрү жана INTOSAI Өнүктүрүү Демилгесинин 2 өкүлү катышты.

INTOSAI өнүктүрүү демилгесинин башкы директорунун орун басары Арчана П.Ширсат конференциянын бардык катышуучуларына ийгиликтүү иш каалады жана PESA-P программасынын онлайн билим берүү программасынын келечектеги катышуучуларын кызыктырган суроолорго жооп берди.

Жыйынтыгында катышуучулар Арчана П.Ширсат айымга талкуу аянтчасын түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.