Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2018 - 2019-жылдарга карата “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясынын ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 01.01.2018-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясынын ишине жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет каралды.

2018-жылдагы аудиттин жыйынтыгы боюнча 6334,6 миң сом суммасында резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталды. 18062,7 миң сом суммасында акча каражаттары рационалдуу эмес пайдаланылган. 175 928,8 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталган, анын ичинен бурмаланган финансылык отчеттуулуктун натыйжасында имараттардын жана курулуштардын бухгалтериясында негизги каражаттардын наркы 164256,1 миң сомго, ал эми жабдууларды эсепке алууда 27,9 миң сомго төмөндөтүлгөн. “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясынын бекитилген штаттык жүгүртмөсүнөн ашыкча, 21 же андан ашык өлчөмдө туруктуу кызмат орундарына эмгек келишими боюнча жумушчулар 45 бирдикке чейин кабыл алынган, аны тейлөөгө 6865,0 миң сом сарпталган.

Жалпысынан 2019-жылы 1297,2 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган, анын ичинен: 200,6 миң сом суммасындагы материалдык баалуулуктар жана каражаттар негизсиз эсептен чыгарылып, курулуш-куроо жумуштарынын көлөмү 1094,3 миң сомго  ашырылган. Мындан тышкары, 6296,0 миң сом суммасында резервдер жана бюджеттик жоготуулар белгиленди. 29186,3 миң сом суммасындагы каражат рационалдуу эмес пайдаланылган. 30251,9 миң сом өлчөмүндө мыйзам бузуулар аныкталган, анын ичинен 2019-жыл ичинде кызматкерлерди эмгек келишими боюнча бекитилген штаттык жүгүртмөдөн ашыкча штаттык кызмат орундарына кабыл алынгандыгы белгиленди.

Ошондой эле, “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жана материалдык стимулдар жөнүндө” жобону бузуулар орун алган. 2019-жылга карата бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттук көрсөткүчтөр жана 2019-жылга бирдиктүү салык декларациясы каржылык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндө түзүлгөн маалыматтарынан бурмаланган.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.