Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Евразиялык экономикалык бирликтин мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдарынын кызматташуусу

Учурда, Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) тилкеси боюнча Эсептөө палатасынын активдүү кызматташуусу жүрүүдө.  Бирликтин мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдары Армения, Белоруссия Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы  жана Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тыштан алынып келингендерге бажы алымдарынын (эквиваленттик таасирге ээ жыйымдар жана салыктар, жана башка алымдар) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды мүчө-өлкөлөрдүн бюджеттеринин кирешесине чегерүү тартиби жөнүндө Протоколдун сакталышына биргелешкен текшерүүнү жыл сайын уюштурушат.

Биргелешкен текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Армения Республикасынын Аудитордук палатасынын, Белоруссия Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитетинин, Казакстан Республикасынын Республикалык бюджеттин аткарылышын контролдоо боюнча эсептөө комитетинин, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын коллегияларынын (кеңештердин, ыйгарым укуктуу адамдардын)  биргелешкен отуруму жыл сайын өтөт.

Коллегиялардын биргелешкен отурумунда, биргелешкен иш-чаралардын жыйынтыктары жөнүндө отчеттор кабыл алынат жана Евразиялык экономикалык бирликке жөнөтүлөт.

Ошондой эле, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдары, Евразиялык экономикалык бирликтин 2015-жылдын 16-октябрындагы №33 чечими менен бекитилген, колдонуудагы “Евразиялык экономикалык бирликтин органдарында тышкы аудитти (контролдоону) жүргүзүү жөнүндө” Жобонун негизинде  ЕАЭБ органдарында жыл сайын тышкы аудит жүргүзүлөт.

Бул Жобо Бирликтин органдарында тышкы аудитти (контролдоону) жөнгө салуунун укуктук, уюштуруучулук жана методологиялык негиздерин аныктайт.

Бирликтин бюджетинин каражаттарынын түзүлүшүнүн, тескелишинин жана башкарылышынын натыйжалуулугун, Бирликтин мүлкүнүн жана башка активдеринин натыйжалуу пайдаланылышын аныктоо максатында жүргүзүлөт. 

Тышкы аудиттин (контролдоонун) милдеттери болуп, төмөндөгүлөр эсептелет:

а) тышкы аудит объектилери тарабынан сакталышын текшерүү, анын ичинен, Бирликтин бюджетинин каражаттарынын түзүүдө, тескөөдө жана башкарууда, Бирликтин укугуна кирген актылардын, Бирликтин мүлкүнүн жана башка активдеринин,    Бирликтин мүчө өлкөлөрүнүн ченемдик-укуктук актыларынын;

б) Бирликтин бюджетин түзүү тартибинин сакталышын текшерүү;

в) Бирликтин бюджетинин түзүлүшүнүн натыйжалуулугун баалоо;

г) Бирликтин бюджетинин аткаруу тартибинин сакталышын текшерүү;

д) Бирликтин бюджетинин тескелишинин жана башкарылышынын натыйжалуулугун баалоо

е) Бирликтин бюджетинин каражаттарынын максаттуу мүнөзүн жана даректүүлүгүн, Бирликтин мүлкүн жана башка активдерин текшерүү, алардын натыйжалуу пайдаланылышын баалоо;

ж) Бирликтин бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту даярдоо тартибинин сакталышын текшерүү;

з) Бирликтин бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчеттун, Бирликтин бюджетинин каражаттарын бөлүштүрүүчүлөрүнүн (алуучуларынын) бюджеттик отчётунун аныктыгын текшерүү;

и) тышкы аудиттин (контролдоонун) жүрүшүндө, Бирликтин бюджети түзүү, тескөө жана башкаруу, Бирликтин мүлкүн жана башка активдерин пайдалануу, тышкы аудит (контролдоо)  объекттеринин иштөө, аныкталган бузууларды жана кемчиликтердин себебин жана кесепеттерин изилдөө жана талдоо процессиндеги аныкталган бузуулардын жана кемчиликтерди талдоо;    

к) тышкы аудиттин (контролдоонун) жүрүшүндө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү, алардын себептерин жана кесепеттерин жоюу, Бирликтин бюджетин түзүү, тескөө жана башкаруунун натыйжалуулугун,; Бирликтин мүлкүн жана башка активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу  боюнча  сунуштарды иштеп чыгуу;

л) тышкы аудиттин (контролдоонун) жүрүшүндө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди, алардын себептерин жана кесепеттерин четтетүү боюнча чаралардын, тышкы аудиттин (контролдоонун) объекттери тарабынан аткарылышын талдоо.