Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринин жана аймактык органдарынын 2019 - жылга бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринин жана аймактык органдарынын 2019 жылга бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары жөнүндө отчет каралды.

Жалпысынан, аудит жүргүзүлгөн 2019 жыл ичинде Министрлик жана ага караштуу мекемелер тарабынан бюджеттик каражаттарды туура жана эффекивдүү колдонууга багытталган алгылыктуу иштер жасалган. 2019 жылдан баштап эмгек акынын автоматташтырылган системасы ишке киргизилип, республиканын бардык райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндөгү борборлоштурулган бухгалтерияларында иштеп жатат.

Ошону менен бирге, жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында  финансылык тартип бузуулар жана жетишпегендиктер аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы №17 токтому менен бекитилген  Мониторинг жана бюджеттик программалардын эффективдүүлүгүн баалоону жүргүзүүнүн тартибинде көрсөтүлгөн мониторинг жана бюджеттик программалардын эффективдүүлүгүн баалоо боюнча иш чаралар өткөрүлгөн эмес.

Республика боюнча жалпы билим берүү уюмдарында каржылоонун жаңы ченемдик механизмдери киргизилгенине бир топ убакыт өткөнү менен каржылоо механизмдери тиешелүү натыйжасын көрсөтпөй келет.

 Жалпы билим берүүчү 2090 уюмдун ичинен 1949 райондук / шаардык билим берүү бөлүмдөрүн  690,5 бухгалтерден турган борборлоштурулган бухгалтериялар тейлейт. Ошол эле убакта, республикада ченемдик бюджеттик каржылоонун принциптерине таянып, 141 уюмда 108,25 штаттык бирдикти камтыган  өз алдынча эсеп-кысап бөлүмдөрү түзүлгөн. Бул жагдай отчеттуулуктун бирдиктүү тутумунун жана структурасынын жоктугун көрсөтөт жана  бюджеттин аткарылыш жол-жобосун татаалдаштырат жана каржы секторун башкарууга чыгымдарды көбөйтөт. Мындан тышкары, учурдагы жалпы билим берүүчү уюмдарды каржылоо тутуму чачыранды ыкма менен каржыланууда.

Жогоруда айтылган кырдаал Министрликтин бюджеттик секторду башкарууда бирдиктүү мамилесинин жана стратегиясынын жоктугунан кабар берет.

Министрликтин, анын аймактык органдарынын жана ведомстволук уюмдарынын эмгек акы фондун калыптандырууда жана штаттык жүгүртмөсүн туура түзүүдө, айлык акы жана башка төлөмдөрдү жүргүзүүдө бир топ мыйзам бузуулар аныкталды. Кызматтык маяналар менен жөлөкпулдардын туура эмес белгиленишинен улам, негизсиз төлөмдөрдүн фактыларына жол берилген.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпысынан 13086,9 миң сомдук финансалык тартип бузуулары аныкталган, жетпей калуу фактылары 57,7 миң сомду түздү.  Акча каражаттарын чыгымдоодогу тартип бузуулары жана кемчилдиктери баардыгы 11538,5 миң сомду түздү, анын ичинен: негизсиз төлөнүп, айлык акыга кеткен чыгымдар  4079,8 миң сом; негизсиз чыгымдалган материалдык баалуулуктар жана акча каражаттары 170,4 миң сом; максатсыз жумшалган акча каражаттары 272,9 миң сом; казына тутумунан тышкары колдонулган акча каражаттары 15,6 миң сом; бухгалтердик эсептен жашырылган аласа жана бересе карыздар 6999,8 миң сомду түзүп 6052,3 миң сом ордуна коюлган.  Бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча чегерүүлөр 1490,7 миң сом эсебинде аныкталды. Бюджеттик резервдер жана жоготуулар 7956,5 миң сомду түздү.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча отчет бекитилип,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  отчет жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине – жазма буйрук жана сунуштама, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине – отчет, жазма буйрук жана сунуштама жиберилди.