Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде 2018- 2019-жылдарга карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары.

 

            Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин отчету каралды.

Аудиттин жүрүшүндө жалпысынан 12 744,6 миң сомго бюджеттин жоготуулары аныкталган, бул сумманы эмгек акы төлөөдөгү бузуулар түздү, анын ичинен: Улуттук статистика комитетинин штаттык бирдигин түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” № 473 токтомунун 4-тиркемеси сакталбастан эмгек акы фондунан 3 544,3 миң сом төлөмдөр жүргүзүлгөн;  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө" 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 Токтомуна ылайык зыяндуу эмгек шарттарын жыл сайын кайра карап туруу шарты аткарылбастан 7 449,6 миң сом кызматкерлерге зыяндуулук ишине деп төлөнгөн; Улуттук статистика комитетинин “Башкы Эсептөө борбору” Мамлекеттик мекемесинде  2018-2019-жылдар аралыгында тиешелүү жумуш убакытын белгилөө Табели жана аткарылган жумуштун көлөмү тууралуу документтери түзүлбөй, эмгек акы фонду эсебинен жалпы суммасы 1 750,7 миң сом кошумча төлөмдөр жүргүзүлгөн.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына отчет жиберилди. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине  отчет, жазма буйрук жана сунуштама жөнөтүлдү.