Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Түп районунун 2018-2019 жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

 

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан 2020-жылга карата аудитордук иш планына ылайык,  Ысык-Көл областынын  Түп районунда  2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, ошондой эле, Талды-Суу айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына өткөрүп жаткан аудиттин алкагында “Талды-Суу Жаштары” коомдук бирикмесинин төрагасынын кайрылуусу боюнча аудит жүргүзүлдү.

 Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган  каржы   бузуулардын жалпы суммасы 2570,9 миң сомду түзгөн, калыбына келтирилүүчү 2501,1 миң сомдун  693,1 миң сому калыбына келтирилген. Акча каражаттарынын жана товардык - материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери 130,6 миң сомду түзгөн. Каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар  жана кемчиликтер 2002,4 миң сом суммасында, анын ичинен: 69,8 миң сомго эмгек  акылары негизсиз төлөнгөн, материалдык-баалуулуктарды, акча каражаттарды негизсиз чыгыштоо 336,7 миң сом, курулуш-куроо иштеринин көлөмүн көтөрмөлөө 1311,9 миң сом, казынага жеткирилбестен пайдаланылган атайын каражаттар 19,0 миң сом, жаап жашырылган дебитордук карыздар жана көтөрмөлөнгөн кредитордук карыздар 265,0 миң сомду түздү.

            Бюджетке кошумча эсептелинген  кирешелер 272,3 миң сом, ал эми Соцфондко кошумча кирешелер 165,6 миң сомго эсептелген.

Бюджеттик камдар жана жоготуулар 2134,0 миң сомду жана рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 218,8 миң сомду түздү.

Аудиттин жүрүшүндө Түп райондук мамлекеттик администрациясында 22,7 миң сом рационалдуу эмес пайдаланылгандыгы аныкталды. Айыл өкмөттөр боюнча алсак, курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрү Ак-Булак айыл өкмөтүндө,  Ак-Булуң айыл өкмөтүндө,  Карасаев айыл өкмөтүндө жана   Сары-Булак айыл өкмөтүндө жогорулатылган.   Эмгек акыларын төлөөдөгү бузуулар Михайловка айыл өкмөтүндө,  Ысык-Көл айыл өкмөтүндө жана Санташ айыл өкмөтүндө аныкталган.  Ошондой эле, каржылык тартип бузуулар  Арал айыл өкмөтүндө, Чоң-Таш айыл өкмөтүндө, Түп айыл өкмөтүндө жана  Кудургу айыл өкмөтүндө орун алган.

            Талды-Суу айыл өкмөтүндө каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар  жана кемчиликтер 479,4 миң сомду түзгөн, анын ичинен: материалдык-баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз чыгыштоо 142,5 миң сом; курулуш-куроо иштеринин көлөмүн көтөрмөлөө 303,9 миң сом (калыбына келтирилгени 194,6 миң сом); жаап жашырылган дебитордук жана көтөрмөлөнгөн кредитордук карыздар 33,0 миң сом (калыбына келтирилген);

            “Түп муниципалдык коммуналдык тиричилик чарбасында” бюджетке кошумча 21,7 миң сом жана  Тогуз-Булак айыл өкмөтүндө 97,0 миң сом эсептелингени аныкталды.