Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди берүү керек:
1) жеке арызы (формасы esep.kg сайтында жайгаштырылган);
2) 4,5х6 сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча баракча;
3) өмүр баяны;
4) 4,5х6 сүрөтү менен таржымалы;
5) паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
6) иштеген жеринде же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр:
- эмгек китепчеси;
- жогорку билими жөнүндө диплом;
- квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө сертификат.
7) белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн, КР МККнын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматынын кадрларынын улуттук резервине киргизүү жөнүндө буйругунун көчүрмөсү (эгерде болсо).
* Конкурска катышууну каалаган жарандар, көктөмөгө тиркелген документтерди төмөндөгү дарек боюнча беришет: Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 131, 208 же 210-кабинет.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга, ачык конкурска катышууга жол берилбейт.
* Конкурсту өткөрүү жөнүндө гезитке жана/же веб-сайтка кулактандыруу жайгаштырылган күндөн тартып:
- ачык конкурсту өткөрүүдө 10 (он) жумушчу күнүнүн;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кадрларынын (ички) резервинде жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматынын кадрларынын улуттук резервинде турган адамдар ортосунда конкурсту өткөрүүдө 5 (беш) жумушчу күнүнүн ичинде.