Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

 

            Жолугушуу видеоконференция байланыш режиминде өттү. Ага Армения Республикасынын Эсептөө палатасынын, Беларусия Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитетинин,

Казакстан Республикасынын Республикалык бюджетинин аткарылышын контролдоо боюнча Эсептөө комитетинин, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын, Евразия экономикалык комиссиясынын, ошондой эле бирдикке мүчө  өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасынан Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу - Садыркулова Айжан Медетовна, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Байгазаков Алимжан Топчубаевич, министрдин орун басары - Борбордук казыналыктын директору – Амандыков Марлен Ленарович, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары -  Мамбетжунусова Эльнура Рыскельдиевна катышты.

Өз сөзүндө, Беларусия Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитетинин төрагасы В.Н.Герасимов эпидемиологиялык кырдаалдын шартында, жаңы форматтагы биргелешкен көзөмөлдөө иш-чараларынын маанилүүлүгүн белгилеп, бардык катышуучуларга ишкердик кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

            Жолугушуунун катышуучулары “Армения Республикасынын Эсептөө палатасы, Беларусь Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитети, Казакстан Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышын контролдоо боюнча Эсептөө комитети,  Россия Федерациясынын Эсептөө палатасы жана  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2019-жылга карата Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ташып келүүчү бажы төлөмдөрүнүн суммаларын эсептөө жана бөлүштүрүү, аларды мүчө мамлекеттердин бюджеттерине которуу тартиби жөнүндө жүргүзүлгөн биргелешкен текшерүү” иш-чарасынын жыйынтыгын талкуулашты. ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда бажы төлөмдөрүн чегерүү жана бөлүштүрүү тартибинин сакталышынын актуалдуу маселелери каралды. Жолугушууда айтылган демилгелер жана сунуштар бирдиктеги экономикалык мамилелерди жөнгө салуу механизмдерин андан ары өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.

            Отурумдун жыйынтыгында биргелешкен контролдук иш-чаранын жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

             Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу А.М. Садыркулова текшерүү учурунда материалдарды ыкчам бергендиги үчүн бардык кесиптештерине, ошондой эле текшерүүнү жетектеген Беларусь Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитетине кылдат жана координацияланган иши үчүн ыраазычылык билдирди.