Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2018-2019 жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо  агенттигинде жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин  жыйынтыгы.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Аманаттарды  коргоо боюнча агенттигинде жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жйынтыктары  жөнүндө  отчету каралды.

            Кыргыз Республикасынын Аманаттарды  коргоо боюнча агенттигиндеги шайкештик аудиттин натыйжалары боюнча, агенттиктин иши төмөндө келтирилген жагдайлардан тышкары, бардык олуттуу аспектилеринде мыйзамдардын талаптарына шайкеш экендиги аныкталды.

        Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" 07.05.2008-жылдагы № 78 Мыйзамында Директорлор кеңешинин тобокелдиктерди тескөөчү жана корпоративдик катчы кызмат орундарына дайындоо жана бошотуу сыяктуу ыйгарым укуктары жок. Ошондой эле, тобокелдиктер боюнча менеджер жана корпоративдик катчы Директорлор кеңешине отчет берет деген жобо жок.

        Жогоруда белгиленген Мыйзамдын 14-беренесине ылайык, агенттиктин аткаруучу директору Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, агенттиктин ишинин бардык маселелери боюнча чечим кабыл алат.

       Отурумдун жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин Катчылыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Аманаттарды  коргоо боюнча агенттигинин Директорлор кеңешине жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Аманаттарды  коргоо агенттигине отчет жана сунуштамалар жиберилди.