Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

 

01.01.2018-жылдан 31.12.2018-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде бюджетти пайдаланууга жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет

 

Аудит үчүн негиз: 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук иш планы.

Аудит объекти: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана анын ведомстволук, аймактык бөлүктөрү (мындан ары-Мамкурулуш).   

Аудиттин максаты: Бюджетти пайдалануу.

Аудит мезгили:  01.01.2018-жылдан 31.12.2018-жылга чейин.

 

Аудиттелген мезгилге карата каражаттарды бөлүштүрүүчүлөр болуп төмөндөгүлөр эсептелишкен:

  • Мамкурулушта:

- биринчи кол коюу укугу менен: директор Абдиев Б.А., статс-катчы Борубаев С.Н.;

- экинчи кол коюу укугу менен: башкы бухгалтер Сулайманова Н.К.

  • Ведомстволук уюмдарында жана аймактык бөлүктөрүндө – жетекчилери жана башкы эсепчилери.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мурунку аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйруктун жана сунуштардын аткарылышы

2017-жылга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасынын жазма буйругунда көрсөтүлгөн 95510,9 миң сомго финансылык укук бузууларды калыбына келтирүү бөлүгүндө Мамкурулуш тарабынан 90644,9 миң сом калыбына келтирилген. Кайтарылбаган сумманын калдыгы 4866,0 миң сомду түзөт, анын ичинде подрядчылар тарабынан аткарылган жумуштардын жогорулатылган баасы 4199,0 миң сом соттук териштирүүлөр жүрүп жатканына байланыштуу.  

2017-жылга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмтүнүн жана аудит жүргүзүлгөн мекеменин дарегине жөнөтүлгөн  сунуштар боюнча бүгүнкү күнгө чейин маалымат жөнөтүлбөгөн.

Аудит объектисине кыскача мүнөздөмө 

         Мамкурулуш архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө аткаруу бийлик органынын функцияларын ишке ашыруучу административдик ведомство болуп саналат. Мамкурулуштун башкаруу схемасы чарба эсебинин негизинде жана акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн кирешенин эсебинен камсыздалуучу ведомстволук уюмдарды жана аймактык бөлүктөрдү камтыйт.

         Мамкурулуштун алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти (мындан ары-ТЖЖКД) жана анын облустардагы капиталдык курулуш башкармалыктары  мамлекеттик каражаттардын, гранттардын жана эл аралык долбоорлордун эсебинен объекттерди куруу,  реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо бюджеттик каржылоо менен белгиленген чектерде подряддык жумуштардын капиталдык салымдар боюнча объекттердин тизмесин даярдоо  боюнча  “Бирдиктүү заказчы” функциясын аткарат.

Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүккө ылайык ТЖЖКД мамлекеттик ишкана катары уюштуруу-укуктук макамга ээ. Бирок, азыркы учурда Жалал-Абад, Чүй облустары жана Ош шаары боюнча салык органдары тарабынан Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыктарына (мындан ары-ОККБ) карата жалпы суммасы 57,8 млн. сом НДС боюнча салык карызды аткарууну камсыздоо тууралуу чечими чыгарылган, алардын ичинен өткөн мезгилде ОККБнын өздүк эсебинен 21,0 млн. сом алынган, буга байланыштуу сот териштирүүлөрү жүрүп жатат.

Бюджетти аткаруу

Мамкурулуштун борбордук аппараты республикалык бюджеттен каржыланат жана бюджеттик каражаттардын эсебинен камсыздалат.

Мамкурулуштун борбордук аппаратынын 2018-жылга штаттык түзүмү Мамкурулуштун 2018-жылдын 25-июнундагы буйругу менен 40 штаттык бирдик менен бекитилген. Эмгекти төлөө шарты жана кызматтык эмгек акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин ишин баалоо жана эмгек акысын төлөп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык аныкталган.

Жобону бузуу менен аттестациялык комиссия тарабынан жүргүзүлүүчү ар бир жумушчу орунду комплекстүү баалоо жүргүзүлбөстөн, Мамкурулуштун профсоюздук комитетинин сунушунун жана Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун протоколунун негизинде жумушчулардын эмгек акысына кызматтык акынын 25% өлчөмүндө жалпы суммасы 578,1 миң сомго колшумча төлөм жүргүзүлгөн.

2018-жылы эмгек акыны үнөмдөөнүн эсебинен сыйакы төлөп берүүгө уруксат берген тиешелүү ченемдик документ жок болсо да, 351,0 миң сомго сыйакы төлөнгөн.

Жумушчунун сапар чыгымдары боюнча Жобо сакталбастан авансалык отчетторун берүүдө самолет менен учкандыгын тастыктоочу отуруу талондору жок мезгилдер орун алган.

Мамкурулушка автоунаа каражаттарына 2 бирдик автомашина санында белгиленген чектөөлөргө карабастан, 2018-жылдын 1-январына карата балансында 3 кызматтык автоунаа эсептелет, алардын ичинен баланстык баасы 1359,4 миң сомдук 2007-жылы чыккан “Ровер” автомашинасы иштебеген абалда. Мамкурулуштун буйругу менен 2016-жылдын аягында автоунааны Жалал-Абад облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү караштырылган, бирок азыркыга чейин аткарыла элек.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун 4-пунктун бузуу менен “Лексус LX -470” маркасындагы жеке кызматтык автоунаанын кыймылдаткычынын көлөмү 4700 куб/см түзөт, бирок 200 куб/см көлөм каралган. Күйүүчү май айына 240 литрдын ордуна 500 литр эсебинде чыгарылган, бул 131,3 миң сом эсебинде каражаттарды ашыкча чыгымдоого алып келген.

КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын Мамлекеттик имараттар департаменти менен түзүлгөн 2018-жылдын 22-январындагы “Коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды тейлөө тууралуу” келишимине ылайык Мамкурулуш Бишкек шаарынын Манас проспекти, 28 дарегинде жайгашкан 5 миң кв.метрден ашык аянттагы 4 кабаттуу имаратты кабыл алган.

Департамент тарабынан бекитилген эсептерге ылайык Коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө 8 340,1 миң сомду түзөт.

Төлөм баасына Мамкурулушка түздөн-түз тиешеси жок, Департаментке тиешелүү болгон жана 4 358,7 миң сом же сумманын 52,2% түзгөн чыгымдар (транспорттук, банк кызматтары жана башкалар) төлөмгө киргизилгендиги аудит тарабынан белгиленген. Атайын эсептин каражаттары боюнча смета жана аларды чыгымдоо тартиби жөнүндө Жобосуз 2018-жылы аймактык органдар тарабынан Мамкурулуштун атайын эсебине ыктыярдуу төлөм катары 464,4 миң сом котрулган. 2018-жылдын 31-декабрына карата жыл башына калган калдыкты эсепке алуу менен 466,8 миң сом эсептелген (31.12.2019-ж.карата – 493,7 миң сом).

Турак жай-жарандык курулуш департаменти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы №423 «Заказчы-куруучунун кызматтарын каржылоого кетирилген чыгымдардын ченемин бекитүү жөнүндө» токтому менен Заказчы-куруучунун кызматтарын каржылоого капиталдык салымдардын бөлүнгөн көлөмүнүн 2,9% өлчөмүндө чыгымдардын ченеми аныкталган.

Чыгымдардын сметасын түзүү жана аткарууну анализдөө жана пландык көрсөткүчтөр менен накталай чыгымдардын ортосунда кетирилген жетишпестиктер алардын пландаштырылбагандыгы тууралуу күбөлөндүрөт.

Ошентип, ТЖЖКД (аппарат) тарабынан 2018-жылы 2 объект каржыланган, алардын ичинен: 

  • КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борбору 50,0 млн. сом суммасына, анда 2,9% 1,4 млн. сомду түзөт;
  • КР Сот тутумунун кызматкерлери үчүн турак үйлөр 30,0 млн. сомго, анда 2,9% 0,9 млн. сомду түзөт.

         Ошол эле учурда борбордук аппаратттын 2018-жылга карата чыгаша сметасы 48,8 млн. сом суммасына бекитилген. 

ТЖЖКД аппаратын каржылоого 2018-жылга карата чыгаша сметасы (ОККБ эсепке алуу менен) 129 106,1 миң сом суммасында бекитилген, анын ичинде эмгек акы фонду 79 311,3 миң сомду түзөт. 

Эмгек акы фондунун эсебине ТЖЖКД үчүн ченемдик актылар менен каралбаган жалпы суммасы 20 763,5 миң сом сыйакылар жана материалдык жардамдар киргизилгендиги аныкталган. Жыйынтыгында, эмнек акы фонду 20,8 млн. сомго жогорулатуу менен түзүлгөн. Эмгек акы боюнча накталай чыгымдар 79 748,3 миң сомду түздү, анда сыйакылардын жана кошумча төлөмдөрдүн суммасы 20158,9 миң сомду түзөт.

Кызматкерлердин аргасыз эс алуулары, сот чечимдери боюнча калыбына келтирилген кызматкерлерге төлөмдөр чыгаша сметасы боюнча бул максаттарга каражаттар каралбаса да, 138,8 миң сом суммасында «Эмгек акы» беренеси боюнча жүргүзүлгөн.   

Сандын чектелүүсүнө карабастан, эмгек келишимине ылайык 28 кызматкер алынган, аларга төлөп берүүгө 6 298,5 миң сом багытталган. Контракт менен кызматкерлерди алуу белгиленген жумуш шарттары жок (техникалык тапшырма, контракттын жарактуу мөөнөтү) жүргүзүлгөн. Контракт менен алынган жумушчулар штаттык кызматкерлердин жумушун зарылчылыгы жок кайталашкан.

Контракт менен алынган жумушчулардын ишин баалоо, ошондой эле алардын аткарган ишинин актысы жол-жоболоштурулган эмес.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №672 токтомун бузуу менен менчик автоунааны колдонууга компенсация төлөп берүү жөнүндө келишим түзүлбөстөн, ТЖЖКД буйругу менен менчик автоунаа менен иш сапарга чыккан кызматкерлерге 286,5 миң сом суммасында күйүүчү май бөлүнгөн. Күйүүчү май ыктыярдуу түрдөгү комиссиянын актысы менен чыгымдарды тастыктаган документтерсиз эсептен чыгарылган.     

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомун бузуу менен ТЖЖКД директорунун буйругу менен бир кызматтык автоунаа үчүн 240 литрдин ордуна 320 литр күйүүчү май белгиленген. Жыйынтыгында 134,5 миң сомго күйүүчү май ашыкча эсептен чыгарылган.ТЖЖКД жетекчилигине жүктөлгөн автоунаанын кыймылдаткычынын көлөмү 3000 куб/см түзөт, бул 300 куб/см белгиленген ченемден жогору. Жол барагы журналы, ошондой эле күйүүчү майдын чыныгы чыгымын тастыктаган маалыматтар, спидометрдин көрсөткүчтөрү жок.     

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18.09.2006-жылдагы № 672 «Жеке менчик автоунааларды кызмат үчүн пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр жөнүндө» токтомун бузуу менен жетекчиликтин буйругу менен, кызматтык сапарга чыккан кызматкерлерге 286,5 миң сомду жеке менчик автоунааларына күйүүчү май катарында жөн гана акт түзүү жолу менен жокко чыгарылган.

«Транспорттук кызматтар» беренеси боюнча чыгымдардын пландык суммасы 872,0 миң сом болсо, чыныгы чыгымдар 990,5 миң сомду түзөт.

Тиешелүү тастыктаган документери жок (кызматкердин арызы, жетекчиликтин буйругу, келишим ж.б.) 13.08.2018-ж. авансалык отчетко тиркелген «Энесай» пансионатынын дүмүрчөгү боюнча 150,0 миң сом кызматкердин отчеттук эсебинен чыгарылган.     

ТЖЖКД жетекчилигинин 35,0 миң сом суммасын отчет менен берүү буйругу менен 30.06.2018-ж. авансалык отчетко тиркелген дүмүрчөк (номуру датасы жок) боюнча кызматкердин эсебинен 56,0 миң сом же 21,0 миң сомго көп жокко чыгарылган.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамын бузуу менен аудиттелген мөөнөттө 713,6 миң сомго конкурс өткөрүлбөстөн, товарлар жана кызматтар сатып алынган. Анын ичинен «225 окуучу орундуу жалпы билим берүүчү мектеп» долбоорунун концепциясын иштеп чыгууга конкурстун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланбастан, конкурстун жеңүүчүлөрүнө 340,0 миң сом суммасына сыйлык төлөп берилген.

2018-жылы мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү КР Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн, анын жыйынтыгында 16.10.2019-ж. сунуш берилген.

      ТЖЖКД жөнүндө Жобо турак жай-социалдык өнүктүрүүнү насыялоону караштырарын аудит белгилейт. ТЖЖКД тарабынан Мамкурулуш менен макулдашуу боюнча 2011-жылы республикалык бюджеттин (2,9% өлчөмүндө чегерүү) каражаттарын чогултуу жана пайдалануу фонддорун түзүүнү караштырган «ТЖЖКД фонддорун түзүү жана чыгымдоо жөнүндө» Жобо бекитилген, бул КР Бюджеттик кодексинин ыктыярдуу курмандыктардын эсебинен фонддорду түзүүгө уруксат берген  14-беренесине каршы келет. 2018-жылы фонддун эсеп-кысабы жок болчу, кирешелер жана чыгашалар жүргүзүлгөн эмес.  

            Аймактык жана ведомстволук бөлүктөр         

Аудит белгилегендей, дайыма жылдын аягында ТЖЖКДнын жана ОККБнын пайдаланылбай калган каражаттары калат, алар кийинки жылы чыгымдалат.

Ошентип, Чүй ОККБ тарабынан 2018-жылы ТЖЖКД пландаштырган 745,0 миң сом каржылоо суммасында 1510,1 миң сом кассалык чыгымдар жүргүзүлгөн же 2017-жылы пайдаланылбай калган каражаттардын эсебинен 765,1 миң сомго көбөйгөн. 

ОККБ менен бирге ТЖЖКД боюнча бардыгы бөлүнгөн капиталдык салымдардын көлөмүнүн 2,9% эсебинен пайдаланылбай калган каражаттардын калдыгы 2017-жылы – 43,2 млн. сомду, 2018-жылы – 4,1 млн. сомду түзөт (2019-жылы – 5,0 млн.сом).

Аудиттин ою боюнча заказчы-куруучу кызматтарын каржылоого каражаттар капсалымдардын көлөмүнөн 2,9% өлчөмүндө эсептелгендиктен, чындыгында толугу менен республикалык бюджеттен каржыланат.

КР Бюджеттик кодексинин 106-беренесине ылайык «Бирдиктүү казыналык эсептен тышкары болгон, бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын калдыктары бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан тиешелүү бюджеттердин эсебине бюджеттик жылдын акыркы эки жумушчу күнүнөн кечиктирилбестен которулууга жатат» караштырат.

Ошондой эле аудит бөлүнгөн капсалымдардын көлөмүнөн алынган 2,9% каражаттарын пайдалануу боюнча бухгалтердик отчеттуулук Борбордук казынага берилбейт деп белгилейт.  

Шааркуруу жана архитектура мамлекеттик долбоордук институту (МДИ) чарбалык келишимдик жумуштарды жана кызматтарды аткаруудан түшкөн каражаттардын эсебинен каржыланат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12.06.2018-ж. №281 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында чарба жүргүзгөн субъекттеринин жана бюджеттик уюмдардын кассалык операцияларды жүргүзүү тартибин» бузуу менен МДИ кассасынан 21,8 миң сом суммасындагы акча каражаттары алуучунун колу жок эсептен чыгарылган.

2015-жылдын Жамааттык келишимге ылайык жумушчуларга эмгек акы төлөө МДИ боюнча аткарылган жумуштардын көлөмүнөн 42% чейин өлчөмдө белгиленген штаттык тартипке ылайык жүргүзүлөт. Чындыгында бир жылдык эмгек акынын фонду МДИнин аткарган жумушунун көлөмүнүн 77,6% (28151,7 миң сомду) түзөт.

Инженердик-техникалык кызматкерлер үчүн КТУга кошумча төлөмдү эмгек тартибин сактоосун эсепке алуу менен жеке салымына көз каранды 0дон 1,5 эле чегинде алуу белгиленген ченемде эсептик ведомосттордо КТУ суммасы кварталдык эмгек акыдан көп төлөп берилген.

Ошентип, эгер кызматкер квартал үчүн 26,8 миң сом суммасында эмгек акы алса, КТУ боюнча кошумча төлөм 40,2 миң сомду (26842,0* 1,5 чейин)  түзүшү керек. Накталай 85,0 миң сом же 44,7 миң сом ашыкча төлөнгөн.

Ушундай эле далилдер башка кызматкер боюнча да белгиленген, анда квартал үчүн эмгек акыдан КТУ боюнча төлөмдөр 39,6 миң сомду; 51,9 миң сомду; 108,3 миң сомду; 122,2 миң сомду ж.б. түзөт.      

Ичүүчү суу менен камсыздоону жана агындылоону өнүктүрүү департаменти (азыр КР Өкмөтүнүн 30.07.2019-ж. №383 токтому менен бекитилген КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик суу ресурстары агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана агындылоону өнүктүрүү департаменти)

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин эмгек акы фондунун жыл ичинде үнөмдөлгөн каражаттарын кызматкерлерге дем берүүчү төлөмдөргө багытоо укугун берүү бөлүгүнүн ченемдеринин күчүн жоготууга караштырган КР Өкмөтүнүн 849 токтомун бузуу менен Департамент тарабынан “Эмгек акы” беренеси боюнча түзүлгөн бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен 377,5 миң сом сыйакы төлөп берилген.

Жобону бузуу менен, аттестациялык комиссия тарабынан жүргүзүлүүчү ар бир жумуш орунун комплекстүү баалоо жүргүзүүнүн, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун корутундусу жок 2018-жылдын 1-июнунда кызматкерлердин эмгек акысына кызмат акынын 25% өлчөмүндө 320,7 миң сом суммасында кошумча төлөм жүргүзүлгөн.

Ошону менен бирге, Мамсанэпидемкөзөмөл борборуна (Бишкек ш.) лабораториялык жана инструменталдык изилдөө жүргүзүү үчүн Департаменттин бюджеттик каражаттарынан 20,6 миң сом суммасында төлөп берилген.

31.12.2018-ж. карата Департаменттин балансында 4 бирдик унаа каражаттары эсептелет, анын ичинен 2002-2004-жылдары чыгарылган 3 бирдик 2017-жылдан бери иштебеген абалда турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2003-ж. №143 “Мамлекеттин менчигинде турган унаа каражаттарын (номерлүү агрегаттарды) иштетүү тартиби жана алардын баасын аныктоо методикасы жөнүндө” токтомуна ылайык Департамент тарабынан иштебеген унаанын техникалык абалы жөнүндө корутунду алынган бирок, мындан ары аракеттенүү үчүн анын баасы аныкталган эмес.

Күйүүчү майдын чыгымдары жол барагына ылайык эсептен чыгарылат, анда жол жүрүү маалыматы автоунаанын спидомеринин көрсөткүч белгиси жок, ыктыярдуу түрдө көсөтүлөт.

 Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамын бузуу менен конкурс өткөрүлбөстөн, “Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу” беренеси боюнча 114,3 миң сомго, “Күнүмдүк чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана товарларды сатып алуу”  беренеси боюнча 13,0 миң сомго сатып алуулар жүргүзүлгөн.

Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №281 токтомун бузуу менен 14,5 миң сом суммасындагы жарандардын кассага төлөгөн акча каражаттары кассалык китепке киргизилген эмес (аудиттин жүрүшүндө эсеп боюнча эске алынды).

Ысык-Көл региондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан бухгалтердик эсеп боюнча жабдыктарды жана эмеректерди ташып келүүчүгө (компьютерлер, принтерлер) жазылган 420,6 миң сом суммасындагы дебитордук карыз көрсөтүлгөн эмес (аудиттин жүрүшүндө 420,6 миң сом баланс боюнча көрсөтүлгөн).

Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 43,2 миң сом суммасындагы “Альфа Телеком”ЖАКсынан келген ижара төлөмү республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө которулган эмес (аудиттин аякташы менен бюджетке которулган).

Жумгал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында бир штаттан тышкаркы иш алып баруучу бирдигин каржылоого 58,5 миң сом төлөнгөн.

Кызматкерлерге белгиленген кызматтык эмгек акыдан тышкары 18,5 миң сом суммасында төлөм жүргүзүлгөн.

Тастыктаган документтери жок (жол барагы, дефективдүү акт) күйүүчү майга жана тетиктерге 25,0 миң сомго кетирилген акча каражаттары негизсиз эсептен чыгарылган.  

Кочкор райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы 05.01.2018-жылдан 31.12.2018-жылга эмгек келишими менен кабыл алынган 4 кызматкерди (инженер, инженер-техник, инженер-сметчик, техничкалар) каржылоого белгиленген ченемдерден ашык 215,2 миң сом төлөп берилген. Техникалык жумушчуларга төлөм башкармалыкка түшкөн кирешеден 32% өлчөмүндө баалап жүргүзүлгөн, техничканын эмгек акысы 5,0 миң сом өлчөмүндө белгиленген. Келишимдин шарттарында сыйакы, материалдык жардам, дарыланууга жөлөкпул төлөп берүү каралган.

Товардык-материалдык баалуулуктарда төмөнкү жетишпегендик аныкталган:

  • Сүлүктү шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында – 2,5 миң сомго;
  • Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында – 3,6 миң сомго (аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген);

         Жалал-Абад региондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 521,6 миң сом акча каражаттарынын жетишпестиги аныкталган (сумма аудиттин жүрүшүндө жана аякташында калыбына келтирилген).

Акча каражаттарынын жетишпестиги боюнча аудиттин материалдары юридикалык баа берүү үчүн 17.06.2019-ж. №01-13/273 от года Жалал-Абад облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №471 токтомун бузуу менен төмөнкү райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыктарында иш сапар чыгымдары боюнча ашыкча төлөмдөргө жол берилген:

  • Араван – 2,0 миң сомго (аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген); Алай – 7,0 миң сомго (аудиттин аякташында калыбына келтирилген); Ноокат – 11,4 миң сомго; Өзгөн – 4,5 миң сомго; Чаткал – 6,3 миң сомго (аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген); Баткен – 7,0 миң сомго; Кадамжай – 3,2 миң сомго (аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген).

Киреше салыгынын суммасы толук которулган эмес:

  • Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 3,6 миң сомго (28.05.2019-ж. бюджетке которулган);
  •   Баткен облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 1,2 миң сомго (06.06.2019-ж. бюджетке которулган);
  • Кызыл-Кыя шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 12,8 миң сомго.

Таш-Көмүр шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында кызматкерлердин ооруп калган учурунда иштебеген мезгили үчүн 11,1 миң сом суммасында жөлөкпул жана эмгек акы төлөп берилген (табелге ооруп калган күндөрү жумушчу күн катары киргизилген).

Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акынын тарифтери жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесин бузуу менен кызматкерлерге сыйакы төлөп берүүдө 32,1 миң сомго камсыздандыруу мүчөлүк акысы кошуп эсептелген эмес (аудиттин жүрүшүндө Социалдык фонддун бюджетине кайтарылган).

Сузак райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 5,6 миң сомго материалдык баалуулуктар негизсиз эсептен чыгарылган (аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген).

Баткен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 151,3 миң сомго кызматкерлерге эмгек акынын эсебинен берилген аванстар кармалган эмес. Жыйынтыгында эсеп боюнча дебитордук карыз эсепке алынган эмес.

Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №258 токтомун бузуу менен өзгөчө эмгек шарттары бар жумуштардын Типтүү тизмесине кирбеген зыяндуулук үчүн кызматкерлерге (оператор жана бухгалтер) 9,8 миң сомго кошумча төлөм жүргүзүлгөн. 

Тастыктаган документтери жок 5,0 миң сом кызматкердин эсебинен чыгарылган (аудиттин аягында тастыктаган документтер берилген). 

Кызматкерлерге төлөп берилген 100,0 миң сомго материалдык жардам өндүрүштүн өздүк наркы катары эсептен чыгарылган. Жыйынтыгында баланстык киреше негизсиз төмөндөтүлгөн жана кирешеге карата салык 10,0 миң сомго аз которулган. Ушулдай эле резервдик фонддон төлөнгөн 27,0 миң сомго материалдык жардам өңдүрүштүк чыгымдарга киргизилген. Жыйынтыгында баланстык киреше негизсиз төмөндөтүлгөн жана кирешеге карата салык 2,7 миң сомго аз которулган (толук которуу жолу менен оңдолгон).

Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 25,0 миң сомго майрамдык иш чараларга кетирилген чыгымдар өндүрүштүн өздүк наркына киргизилген. Жыйынтыгында баланстык киреше 25,0 миң сомго негизсиз төмөндөтүлгөн жана кирешеге карата салык 2,5 миң сомго аз которулган.

Эмгек акыны эсептөөдө 4,4 миң сомго киреше салыгы жана 3,2 миң сом суммасында Соцфондко жеткире эсептелген эмес.

Чаткал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 1,2 миң сомго акча каражаттарынын жетишпестиги аныкталган (аудиттин аякташы менен калыбына келтирилген), 11,6 миң сом эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз (аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген).

Өзгөн, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыктарында токтомду бузуу менен бухгалтердик өткөрүүлөр берилген эмес жана эсеп китептери ачылган эмес, эсептер эски эсеп планы боюнча жүргүзүлөт.  

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамын сактоо

  • Регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыктары конкурстарды өткөрбөстөн, 1-Тиркемеде көрсөтүлгөн суммалардатоварлар, жумуштар жана кызматтар сатып алынган;
  • Товарларга, жумуштарга жана кызматтарга бааларды мониторинг жүргүзбөстөн, Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан товарлар, жумуштар жана кызматтар түз келишим түзүү методу менен сатып алынган;
  • Сатып алуулардын электрондук порталына жарыя жайгаштырбастан, товарлар, жумуштар жана кызматтар түз келишим түзүү методу менен сатып алынган:

-   Чоң-Алай, Алай, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Токтогул, Аксы, Бакай-Ата райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыктарында;

- Кара-Суу, Кызыл-Кыя шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыктарында.

  • Нарын, Ак-Талаа жана Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыктарында мамлекеттик сатып алуларды жүргүзүү боюнча бөлүмү жок аларды жүргүзүү боюнча жоопкерчилик тиешелүү бөлүмгө жүктөлгөн эмес жана аларды жүргүзүүгө контроль кылынбайт;
  • Жумгал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында мамлекеттик сатып алуулар планы жок, конкурстук комиссиянын курамында сатып алуулар боюнча сертификатталган адис жок, конкурстук комиссия түзүү жөнүндө буйруктар жок;
  • Кочкор райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында түз келишим түзүү методу менен сатып алууларды жүргүзүү үчүн баалар мониторинг жүргүзүлгөн эмес, сатып алуулар протоколу түзүлгөн эмес.

Аймактык бөлүктөр тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтар

КР Өкмөтүнүн №85 токтому «мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтардын баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик монополияга каршы ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылгандан кийин белгиленген тартипте бекитилет» деп караштырат.

Мамкурулуш боюнча Жободо каралган архитектурлык-шаар куруу жаатындагы баа түзүү боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу боюнча функция монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча аткарылбагандыгы аныкталган, анткени көрсөтүлүүчү кызматтардын баасы монополияга каршы орган менен макулдашылган эмес.

Аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыктары -  Ысык-Көл, Нарын, Балыкчы шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыктарынын, Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыктарынын көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтары КР Өкмөтүнүн 10.02.2012-ж. №85 токтому менен бекитилген аткаруу бийлиги, анын түзүмдүк бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жүргүзүлүүчү мамлекеттик кызматтардын Бирдиктүү реестрине киргизилген эмес. Кызмат көрсөтүүдөн алынган кирешелер 177,8 млн. сомду түзөт. 

Ошону менен бирге, 2014-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу болгон аудит КР Өкмөтүнүн 14.04.2014-ж. №212 токтому менен КР Экономика министрлигине Мамкурулуш менен бирге 2014-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө жумуштарды Бирдиктүү реестрге киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.   

Капиталдык салымдарды түзүү жана каржылоо

ТЖЖКД бюджетинин негизин финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө Мыйзамы менен бекитилүүчү көлөмдө капиталдык салымдарды республикалык бюджеттен каржылоо түзөт.

Республикалык бюджет жөнүндө Мыйзамда 2018-жылы “капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2 900,0 млн. сом каражаты каралган, алар КР Өкмөтүнүн 26.01.2018-ж.№27-б буйругуна ылайык бекитилген объекттерди ишке ашырууга бөлүштүрүлгөн.

Ошону менен бирге, КР Бюджеттик кодексинин 28-беренесин бузуу менен 2018-жылга бюджет жөнүндө Мыйзамды кабыл алуу мезгилинде (декабрь 2017-жыл) ТЖЖКДда капиталдык салымдардын керектөө суммасынын социалдык-экономикалык негиздемеси жок болгон. Мындан мурунку аудит менен дагы ушул жагдай белгиленген жана сунуштар берилген, алар аткарылган эмес.    

2018-жылга республикалык бюджети жөнүндө Мыйзам менен (5-берене) капиталдык салымдар мурунку мөөнөттө каралган объекттин курулушун бүткөрүүгө жана алардын артыкчылыгын эске алуу менен 2018-жылга карата Тизмеде бекитилген объекттерди курууга жана реконструкциялоого багыттоо каралган. 

Жыл ичинде КР Өкмөтүнүн буйруктарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетинин чечимдерине ылайык “капиталдык салымдар” беренеси боюнча өзгөртүүлөр киргизилген. Киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен 2018-жылга“капиталдык салымдар” беренеси боюнча такталган план 2946,9 млн. сомду түзгөн. 

Капиталдык салымдардын эсебинен курулуштардын жана объекттердин Тизмесин түзүү

“Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы курулуштардын жана объекттердин (жаңы курулуш, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу) Тизмесин түзүү тартиби КР Өкмөтүнүн 30.12.2017-ж. №855 токтому менен бекитилген “Капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу республикалык бюджеттен каржылануучу инвестициялык долбоорлоордун тизмесин түзүү жөнүндө” Жобо (мындан ары – Жобо) менен аныкталган.   

2018-жылга Тизме түзүү курулуш даярдыгы жана социалдык мааниси жагынан 2-тиркемеде келтирилген маалыматтар менен мүнөздөлөт.

2018-жылдын ичинде объекттердин Тизмесине жана республикалык бюджеттен каржылоо суммасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарына ылайык өзгөртүүлөр киргизилген, бул Тизмеге кирген өзүнчө объекттер боюнча каржылоо болгон эмес (КР Өкмөтүнүн 20.07.2018-ж.        № 257-б буйругу – 11 объект карыжоосуз; 28.09.2018-ж. № 340-б  - 10 объект каржылоосуз; 23.10.2018-ж. № 377-б - 10 объект каржылоосуз; 04.12.2018-ж. № 424-б -  12  объект каржылоосуз;19.12.2018-ж. № 443-б - 12 объект каржылоосуз).

Аудит белгилегендей, 2018-жылга республикалык бюджети жөнүндө Мыйзам жана Тизме түзүү боюнча Жобо сакталбастан, 2013-2017-жылдары курулуп башталган 82 объект киргизилген эмес, аларды бүткөрүүгө 2 589,5 млн. сом керектелет, анын ичинде: 

  • 59 мектеп1 916,8 млн. сомго;
  • 19 мектепке чейинки мекемелер609,8 млн. сомго;
  • 4 спорттук курулмалар62,9 млн. сомго.

 

Курулуп бүткөрүлө элек объекттерди каржылоо артыкчылыгы сакталбастан, Тизмеге 2018-жылы 120,5 млн.сом каржыланган,   сметалык баасы 1 417,1 млн.сом 33 жаңы объект киргизилген, алардын ичинде көп чыгым жумшалуучулар: 

  • 83,0 млн. сомдук мектептер: Кадамжай районунун Хальмион а/ө Ноогардан а. Мадарипов атындагы жана Масалиев а/ө Олагыш а. мектептер;
  • Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак а/ө Көк-Алма а. Чойбеков атындагы мектеп 101млн.сомго;
  • Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектеп 128,0 млн. сомго;
  • Токтогул районунун Өзгөрүш а. мектеп 85,6 млн. сомго;
  • Кочкор районунун Чолпон а/а Туз а. мектеп 76,3 млн. сомго;
  • Нарын районунун Жергетал а/ө Кызыл-Жылдыз а. Исманалиев атындагы мектеп 73,8 млн. сомго ж.б.

Белгилеп кетүүчү нерсе, КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча азыркы учурда республика боюнча 242 авариялык мектеп бар, алардын ичинен облустар боюнча Чүй – 21; Баткен – 26; Жалал-Абад – 48; Ысык-Көл – 31; Нарын – 28; Ош - 71; Талас – 17 мектеп.

Ошентип, курулуш объекттеринин Тизмесин түзүүдө жана жүргүзүүдө экономикалык жана социалдык максаттуулугунун ишенимдүү негиздемесинин жоктугу, өзүнчө объекттер үчүн каржылоо көлөмүн бир кыйла өзгөртүү менен жана башкаларга каражаттын жетишсиздиги менен Тизмеге көп ондоолорду киргизүү капиталдык салымдар боюнча чыгымдарды болжолдоонун чындыкка жатпай тургандыгын, бюджеттин ачыктыгынын жана “Мамлекеттик финансыларды башкаруу” Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча орто мөөнөттүү иш чаралар планынын индикаторлорунун карама-каршы келиши финансылык тартиптин начарлашын тастыктайт.

Капиталдык салымдарды өздөштүрүү     

Тизмеге ылайык капиталдык салымдардын 2946,9 млн. сомго такталган планында ТЖЖКД бюджетине 2823,7 млн. сом түшкөн. КР Өкмөтүнүн буйруктарына жана КР Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетинин чечимдерине ылайык “капиталдык салымдар” беренеси боюнча кошумча 71,2 млн. сом бөлүнгөн. Капсалымдарды бюджеттен жалпы каржылоо 2 894,9 млн. сомду түзөт. Кассалык чыгымдар 2 784,0 миң сомго жүргүзүлгөн. 2018-жылдын аягында Тизмеге жана КР Өкмөтүнүн буйруктарына ылайык каржыланган 110,9 млн.сом өлчөмүндө өздөштүрүлбөгөн каражаттар бюджетке кайтарылып берилген.

Түзүлгөн келишимдер боюнча башка булактардан 100,5 млн. сом түшкөн.

Республикалык бюджеттин жана башка булактардын каражаттарын өздөштүрүү 3-тиркемеде келтирилген маалыматтар менен мүнөздөлөт.

Капиталдык салымдарды региондордун кесилишинде жана тармактар боюнча өздөштүрүү 4-жана 5-тиркемелерде келтирилген.

Республикалык бюджеттин эсебинен объекттердин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары

Социалдык-маданий багыттагы 256 объекттин курулушуна 2 254,2 млн.сом каралган, адардын ичинен:       

  • 156 мектеп жана аларга спорттук залдар 1 447,8 млн.сом суммасына;
  • ,3 млн.сом суммасына;
  • 15 саламаттык сактоо объекттери 275,8 млн.сом суммасына;
  • 5 маданий объект 49,7 млн.сом суммасына;
  • 21 спорткомплекс 107,9 млн.сом суммасына;
  • 3 турак жай 43,0 млн.сом суммасына;
  • 2 суу менен камсыздоо объекттери (2016-жылга чейин башталган) 33,2 млн.сом суммасына;
  • 9 башка объекттер 137,9 млн.сом суммасына;
  • 23 объект боюнча 72,6 млн.сом суммасына кредитордук карызды жоюу.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2 169,9 млн.сомго каржылоо ачылган, алардын ичинен 2142,0 млн. сом же 95,0% каржыланган.

Бүткөрүүгө пландаштырылган 104 объекттин ичинен 101 объекттин курулушу бүткөрүлгөн, анын ичинде: 68 мектеп жана аларга спорттук залдар; 6 бала бакчасы; 8 спорттук залдар; 5 саламатык сактоо объекттери; 1 маданий объект; 4 суу менен камсыздоо объекти; 9 башка объекттер. 

94 объекттин капиталдык оңдоп-түзөө жумуштрына 432,7 млн. сом каралган, алардын ичинен: 55 мектеп; 4 бала бакчасы; 12 саламатык сактоо объекттери; 14 маданий объект; 9 башка объекттер. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 409,4 млн.сомго каржылоо ачылган, 394,0 млн. сом каржыланган. 38 объекттин капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары бүткөрүлгөн, алардын ичинен: 27 мектеп; 2 бала бакчасы; 3 саламатык сактоо объекттери; 4 маданий объект; 2 башка объекттер.

Суу менен камсыздоо жана агындылоо объекттерин куруу жана реконструкциялоо

         Тизме менен 250,0 млн. сомго 89 суу менен камсыздоо объекттерин каржылоо каралган, алардын ичинен региондор боюнча: Чүй облусу – 31,9 млн. сомго 10 объект; Баткен облусу 3,0 млн. сомго 2 объект; Жалал-Абад облусу – 17,1млн. сомго 18 объект; Ысык-Көл облусу – 42,4 млн. сомго 15 объект; Нарын облусу – 56,6 млн. сомго 11 объект; Ош облусу – 71,3 млн. сомго 23 объект; Талас облусу – 27,5 млн. сомго 10 объект.  

         234,3 млн. сомго каржылоо ачылган, алардын ичинен 226,0 млн сом каржыланган, бул каралган каражаттардын 90,4 % түзөт.

2018-жылы бүткөрүүгө пландаштырылган суу менен камсыздоонун 15 объектисинин ичинен накта 17 объект бүткөрүлгөн: Чүй облусунда – 3 объект; Баткен облусунда -1; Жалал-Абад облусунда -1; Ысык-Көл облусунда -2; Нарын облусунда – 4; Ош облусунда – 5; Талас облусунда – 1 объект.     

         Кыргыз Кеспубликасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы №5 «Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон өзүнчө чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу

2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон өзүнчө чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш чаралар Планына ылайык «капиталдык салымдар» беренеси боюнча чек ара калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн 2018-жылы 98,7 млн. сом каралган, алардын ичинен ТЖЖКД аркылуу 62,6 млн. сом.

Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен региондор боюнча каржылоо көлөмү

Район/шаар

Объекттердин саны

Каржылоо (млн.сом)

Которулган

(млн.сом)

РОКтун эсебиндеги калдык

 (млн.сом)

Тизме боюнча

такталган

бекитилген

такталган

Баткен

3

2

10,0

10,0

0,4

9,6

Кадамжай

5

3

19,4

16,6

0,3

16,3

Лейлек

3

3

14,5

14,5

5,4

9,1

Аксый

1

1

3,0

3,0

0

0,5

Кербен ш.

1

1

7,7

7,7

0,2

0,3

Чаткал

1

1

3,0

3,0

0

0,5

Жети-Өгүз

1

1

5,0

5,0

0

1,0

Баардыгы

15

12

62,6

59,8

6,3

37,3

 

 Белгилей кетүүчү нерсе, каржылоо 43,6 млн. сомго ачылган, баардыгы 6,3 млн сом которулган. Борбордук казыналыктын эсебинде пайдаланылбай калган калдык 31.12.2018-ж. карата 37,3 млн. сомду түзөт жана бюджетке кайтарылып берилген.  

Өзүнчө чек ара аймактарын коопсуздук менен камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча капиталдык салымдардын пландаштырылган көлөмү такталган пландан 53,5 млн. сомго же 89,5% жеткире каржыланган эмес.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жогорку көрсөтүлгөн токтомду аткаруу боюнча подряддык уюмдардын дебитордук карызы 5,1 млн. сомду түзөт.

Буга байланыштуу, аудит республиканын өзүнчө чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иш чаралар Планын аткаруу боюнча жумуштардын өтө начардыгын кабарлайт 

Саламаттык сактоо объекттеринде лифттерди реконсрукциялоо, оңдоп-түзөө жана орнотуу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 24.10.2017-ж.№ 20-38592 тапшырмасын аткаруу боюнча «Региондорду өнүктүрүү» жылы облустарды өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу максатында жана КР финансы министри менен макулдашуу боюнча (министрдин колу жок) саламаттык сактоо министри тарабынан бекитилген саламаттык сактоо уюмдарынын объекттеринин Тизмесине ылайык 17 оорукананын лифттерин реконструкциялоо жана ондоо үчүн «капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттен 50,0 млн. сом каралган.     

Региондор

Объектердин саны

 

Бекитилген план

(млн.сом)

Каржылоо ачылган

(млн.сом)

Которулган

(млн.сом)

РОКтун эсебиндеги калдык

(млн.сом)

Бишкек ш.

3

8,2

8,2

0

8,2

Чүй

4

11,2

11,2

0

11,2

Баткен

1

3,0

0,7

0,1

0,6

Жалал-Абад

2

7,8

0

0

0

Ысык-Көл

2

4,4

0,2

0,1

0,1

Нарын

2

7,6

0,3

0,3

0

Ош

2

5,5

5,1

4,9

0,2

Талас

1

2,3

1,9

1,9

0

Баардыгы

17

50,0

27,6

7,3

20,3

 

Келтирилген маалымат боюнча көрүнүп тургандай, 27,6 млн. сомго ачылган насыядардан 7,3 млн. сом гана которулган, РОКтун эсебиндеги калдык 31.12.2018-жылга карата 20,3 млн. сомду түзгөн жана бюджетке кайтарылган.

ЖАМК, МЧК, Прокуратура кызматкерлери үчүн турак үйлөрдүн курулушу

2018-жылы Чүй, Баткен, Талас жана Нарын облустарынын ККБлары жалпы суммасы 1413,8 млн.сом суммасына ЖАМК, МЧК, Прокуратура (Жалал-Абад) кызматкерлери үчүн турак үйлөрдүн курулушуна жана ушул маморгандар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык башка курулмаларга заказчынын функциясын аткарган. 2018-жылы баардыгы 100,4 млн. сом каржыланган, алардын ичинен ЖАМК – 56,6 млн. сом, Прокуратура – 38,0 млн. сом, МЧК – 5,8 млн. сом.   

 01.01.2018-ж. карата подрядчылардын дебитордук карызы 183,8 млн. сомду, кредитордук карызы -  96,8 млн. сомду түзгөн. 2018-жылы 311,2 млн. сомго жумуштар аткарылган, 211,1 миң сомго төлөм жүргүзүлгөн. 31.12.2018-ж. карата дебитордук карыз 80,9 млн. сомду, кредитордук карыз – 94,0 млн. сомду түзгөн.

Маданият жана маалымат мекемелеринин кызматкерлери үчүн турак үйлөрдүн курулушу

Бишкек шаарынын маданият жана маалымат кызматкерлери үчүн турак үйдүн долбоордук-сметалык документтерин (ДСД) иштеп чыгуу үчүн Чүй облустук ККБ 2017-жылы «Ардак» ЖЧКсы менен 1,1 млн. сомго курулуш келишимин түзгөн. ДСДга ылайык 2 үйдүн баасы 205,3 млн. сомду түзгөн. 2018-жылы 6,7 млн. сомго каржылоо ачылган, алардын ичинен курулуш-монтаждоо жумуштарына 6,0 млн. сом. 2018-жылы 8,5 млн. сомго курулуш-монтаждоо жумуштары аткарылган. 31.12.2018-ж. карата 2,3 млн. сомго кредитордук карыз бар.     

Орусия грантынын эсебинен объекттердин курулушу

Орусия Федерациясынын Финансы министрлиги тарабынан 2014-2015-жылдарга кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө келишиминин негизинде «Кең-Сай», «Ачы» жана «Сары-Колот» турак конуштарын курууга улуттук валютага которгондо 578,6 млн. сом гранттык каражаттар бөлүнгөн.

Бөлүнгөн каражаттар долбоордук жумуштарды аткарууга, электр устундарын орнотууга пайдаланылган, кириш жолдордун негизи төшөлгөн, турак жайларды электр менен жабдуу үчүн жабдыктар сатып алынган. 2018-жылдын башында бүткөрүлө элек курулуштун көлөмү 702,9 млн. сомду түзгөн. 21,4 млн. сомго курулуш-монтаждоо жумуштары аткарылган, «Сары-Колот» турак конушунун суутүтүк тармактарын куруу» объектиси пайдаланууга берилген. 31.12.2018-ж. подрядчылардын 165,9 млн. сомго дебитордук карызы жана 12,5 млн. сомго кредитордук карызы бар. Бүткөрүлө элек курулуштун көлөмү 645,7 млн. сомду түзөт.

Курулуп бүткөрүлө элек объекттер

Аудит белгилегендей, жыл сайын курулуп бүткөрүлө элек объекттердин көлөмү өсүүдө. 3112.2018-ж карата ТЖЖКД балансы боюнча бүткөрүлө элек курулуштун суммасы 10 038,1 млн. сомду түзөт же жылдын башынан бери (9 843,3) салыштырсак, 194,8 млн.сомго көбөйгөн, анын ичинде:                                                                                                                                                                                                                                         (млн.сом)

Аталышы

 01.01.2018-ж. карата

31.12.2018 –ж. карата

Четтөө

 

ТЖЖКД (Борбордук аппарат)

1 789,2

1 629,5

-159,7

 Баткен облустук ККБ

900,2

838,5

-61,7

Жалал-Абад облустук ККБ

1 174,3

1 245,6

71,3

Нарын облустук ККБ

614,8

504,3

-110,5

Ош облустук ККБ

3 765,0

3 667,6

-97,4

Талас облустук ККБ

376,4

511,8

135,4

Чүй облустук ККБ

787,8

1 029,6

241,8

Ысык-Көл облустук ККБ

435,5

611,0

175,5

ТЖЖКД боюнча баардыгы:

9 843,3

10 038,1

194,8

 

ТЖЖКДда курулушу 2008-2016-жылдары башталып, азыркы учурда бүткөрүлбөй турган 145 объект бар. Алардын курулушун бүткөрүүгө керектелүүчү сумма 3839,9 млн. сомду түзөт, алардын ичинен:

  • 112 мектеп жана аларга спорттук залдар- 3066,1 млн.сомго;
  • 15 балдар бакчалары - 306,2 млн.сомго;
  • 7 саламаттык сактоо объекттери - 321,5 млн.сомго;
  • 3 спорт объекттери - 35,9 млн.сомго;
  • 5 маданият объекттери - 52,6 млн.сомго;
  • 3 башка объекттер- 57,6 млн.сомго.

Облустар боюнча курулуп бүткөрүлө элек объекттерди каржылоого төмөкүлөр керектелет:

  • Чүй - 13 объектке546,7 млн. сом;
  • Баткен - 11 объектке216,7 млн. сом;
  • Жалал-Абад - 26 объектке 596,1 млн. сом;
  • Ысык-Көл - 19 объектке 464,9 млн. сом;
  • Нарын - 12 объектке 317,8 млн. сом;
  • Ош - 48 объектке 106,1 млн. сом;
  • Талас- 16 объектке 637,4 млн.сом.

2018-жылы 156 объекттин курулушу бүткөрүлгөн, алардын ичинен:

 

Область

Мектептер

Балдар бакчасы

Саламаттык сактоо

Маданият

Спорттук курулмалар

башкалар

Суу менен камсыздоо

Кап оңдоо

Баардыгы

1

Чүй

7

 

1

1

1

1

3

8

22

2

Баткен

7

4

 

 

 

 

1

 

12

3

Жалал-Абад

15

 

 

 

3

2

1

2

23

4

Ысык-Көл

3

 

 

 

0

1

2

 

6

5

Нарын

4

 

 

 

1

1

4

15

25

6

Ош

30

2

3

 

3

3

9

4

54

7

Талас

2

 

1

 

 

1

1

9

14

 

Баардыгы:

68

6

5

1

8

9

21

38

156

 

Бирок, ТЖЖКДнын бухгалтердик балансынын маалыматы боюнча 2018-жылы акт боюнча 123 объект тиешелүү органдардын балансына өткөрүлүп берилген.

Облустук капиталдык курулуш башкармалыктары менен түзүлгөн келишим боюнча подрядчылар тарабынан аткарылган курулуш-монтаждоо жумуштарынын аудити 

Аткарылган курулуш-монтаждоо жумуштарынын аудити төмөнкүлөргө карата жүргүзүлгөн: 

 - КР Курулуш ченемдери жана эрежелери (СНиП) 81-01-00 «Имараттардын жана курулмалардын курулуш наркын аныктоо боюнча көрсөтмөлөр”, Мамкурулуштун 2007-жылдын 26-апрелиндеги буйругу менен ишке киргизилген;

- “МДС 81-01-2015 Кыргыз Республикасынын аймагындагы курулуш продукциясынын наркын аныктоо усулу”, Мамкурулуштун 2016-жылдын 28-мартындагы буйругу менен ишке киргизилген.

Подрядчылардын объекттерде аткарган жумуштарын ченөө боюнча жүргүзүлгөн жумуштардын жыйынтыктары боюнча курулуш-монтаждоо жумуштарынын баасы бардыгы 47 670,3 миң сом суммасына негизсиз жогорулатылгандыгы аныкталган, анын ичинде облустук ККБ боюнча:

                                                                                                                                     (миң сом)

 

Облустук ККБ

Подрядчы тарабынан жумуштардын баасынын жогорулашы

Аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилди

  1.  

Чүй

12 257,4

12 257,4

 

Ош

12 012,3

-

 

Жалал-Абад

11 581,0

11 581,0

 

Талас

5 267,7

5 267,7

 

Нарын

3 691,9

3 691,9

 

Ысык-Көл

1 676,0

1 676,0

 

Баткен

1 184,0

1 184,0

 

Баардыгы:

47 670,3

35 658,0

 

 

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгында  аткарылган иштин ашырылган суммасы 12012,3 миң сомду түзүп, калыбына келтирилбегенин белгилеп кетүү керек.

          

Аудит облустук капиталдык курулуш башкармалыктары менен келишим түзгөн подрядчылар тарабынан төмөнкү объекттерде жүргүзүлгөн курулуш иштеринде жетишпестиктерди өзгөчө белгилейт, тизмеси 6-тиркеме келтирилген.

Ошондой эле ТЖЖКДнын подрядчылар менен түзүлгөн келишимдери боюнча объекттердин курулушунда жетишпестиктер аныкталган:

 

  • Улуттук онкология жана гематология борбору (мындан ары – УОГБ)

2017-2018-жылдары УОГБ корпустарынын курулушун каржылоо үчүн «капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын жалпы көлөмү 270,0 млн. сомду түзгөн. 2018-жылы объекттердин Тизмесине ылайык каржылоо планы 50,0 млн. сомго бекитилген.

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 02.09.2017-ж. №264 буйругу менен Президенттин фондунан кошумча 70,0 млн. сом бөлүнгөн.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча долбоордук документтерди иштеп чыгуу боюнча келишим 12928,0 миң сомго Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоордук инсититуту (МДИ) менен УОГБ корпустарын куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоп-түзөө боюнча жумуштарды аткарууга башкы подрядчы «Эмарк Групп» ЖЧКсы менен түзүлгөн. Башкы подрядчы менен жумуштарды аткарууга түзүлгөн келишимдин жалпы суммасы 821,3 млн. сомду түзөт (материалдарга, жабдыктарга, транспорттук чыгымдары, салыктарды, ошондой эле автордук көзөмөл үчүн Бирдиктүү заказчыга кармап алуу менен, мамлекеттик экспертизаны, күтүлбөгөн чыгымдарды жана бирдиктүү заказчыны каржылоону эске алуу менен).

Келишимдин шартарын бузуу менен Башкы подрядчы тарабынан 14,0 млн. сомго 10% өлчөмүндө келишимди аткарууну кепилдик менен камсыз кылуу (ГОИД) берилген эместиги аныкталган.

  Ушу сыяктуу МДИ тарабынан долбоордук жумуштардын наркынан (4928,0 миң сом) 5% өлчөмүндө 246,4 миң сомго ГОИД берилген эмес. 

  ТЖЖКД маалыматына ылайык 2017-2018-жылдар аралыгында 323951,3 миң сом суммасына чыгымдар жүргүзүлгөн, алардын ичинен:

          - МДИ долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга – 12928,0 миң сомго;

         -  долбоордук-сметалык документтерди мамлекеттик экспертизалоого Мамлекеттик экспертиза департаментине – 476,1 миң сомго («Эмарк Групп» ЖЧКсы аркылуу);

         - Бишкекбашкыархитектурасынын уруксат кагазын алууга – 133,6 миң сомго («Эмарк Групп» ЖЧКсы аркылуу);

         - капиталдык оңдоп-түзөө жана реконструкциялоо жумуштарын аткарууга – 302495,0 миң сомго;

         - заказчыны каржылоого (ТЖЖКД) – 7797,8 миң сомго;

         - башка чыгымдар («Түндүкэлектр», «Бишкекгаз» ААКсы ж.б. уруксат кагазын алууга) – 120,8 миң сомго.

         Курулуштун жүрүшүндө 247437,8 миң сомго жумуш аткарылган. «Эмарк Групп» ЖЧКсынын дебитордук карызы 55057,2 миң сомду түзөт (302495,0 – 247437,8).

         Дебитордук карыз УОГБ аймагындагы балдардын онко-гематологиялык борборунун жаңы имаратынын курулушу боюнча аткарылган подряддык жумуштардын көлөмүн ТЖЖКД тарабынан тастыкталбагандыгы жана кабыл алынбагандыгы үчүн пайда болгон.

         «Кыргыз Республикасынын Шаар куруу жана архитектура жөнүңдө» КР Мыйзамынын 40-беренесин бузуу менен аткарылган жумуштардын долбоордук чечимдерге шайкеш келишине автордук көзөмөл ТЖЖКД тарабынан аткарылган эмес.

2018-жылы башталган борбордун имаратынын курулушу 7 кабат болуп долбоорлонгондугу аныкалган. Мамкурулуштун 30.01.2018-ж. №62 «Этаптуу экспертиза жөнүндө» буйругунун негизинде экспертизага долбоордун өзүнчө бөлүмдөрү (архитектуралык, конструктивдик жана технологиялык бөлүмдөрү) берилген жана тиешелүү корутундулар берилген.  

Подрядчы тарабынан этаптуу берилген долбоорлордун негизинде 4 кабатка чейин курулуш-монтаждоо жумуштары аткарылган.   

7 кабаттан 4 кабатка чейин азайтуу тууралуу Заказчынын кабыл алган чечиминин негизинде долбоорчу долбоорду кийин имаратты 7 кабатка чейин жеткирүү мүмкүнчүлүгүн эске алып, 5 –техникалык кабат менен кайра оңдоп чыккан (Негизи: Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин 20.07.2018-ж. кеңешме протоколунун 4-пункту). 

Оңдолгон долбоор кайрадан Мамэкспертиза департаментине берилген, ага 18.12.2018-ж. корутунду берилген. Анда долбоордук-техникалык чечимдер өзүнчө эскертүүлөрдү жоюу шарты менен бекитилет деп белгиленген, бирок бул эскертүүлөр («Бишкекбашкыархитектурасы» КИ жана башка тиешелүү кызматтар менен макулдашылган инженердик тармактардын жыйынтыкталган планы, бөлүштүрүүчү электр тармактары ж.б. жок) азыркыга чейин жоюла элек.

Буга байланыштуу аудит долбоордук-техникалык чечимдер мамэкспертиза менен бекитилген эмес деп эсептейт. 

Оңдолгон долбоорго ылайык техникалык 5-катабы бар 4 кабаттуу имараттын курулушунун сметалык баасы 364044,9 миң сомду түзөт.  

2018-жылы УОГБ объекттеринин курулушу, реконструкциялоосу жана капиталдык оңдоп-түзөөсү боюнча  бардык чыгымдар 66559,0 миң сомду түзөт.  

Аткарылган жумуштардын көлөмүнүн актыларынын ишеничтүүлүгү жана туура түзүлгөндүгү жана 2018-жылы төлөнгөн чыгымдардын негиздүүлүгү маселеси боюнча тандалган аудиттин жыйынтыгында аткарылган жумуштардын баасы 1998,9 миң сомго жогорулатылгандыгы аныкталган, алар аткаруудан алып салуу жана ТЖЖКД жана «Эмарк Групп» ЖЧКсынын ортосундагы өз ара эсептерди салыштыруу актысын түзүү жолу менен толук калыбына келтирилген.  

• Сот тутумунун кызматкерлери үчүн 2 турак үйдүн курулушу (Бишкек ш. Юдахин көч., 64), объекттин подрядчысы – «Ак-Тулпар» ЖЧКсы.

ТЖЖКД маалыматына ылайык 2017-2018-жылдары объекттин курулушуна 34999,9 миң сом капиталдык салымдар жумшалган, алардын ичинен курулуш-монтаждоо жумуштарына – 33438,5 миң сом.

Объекттин долбоордук-сметалык документтери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин табыштамасы боюнча 22.03.2017-ж.№5-РП келишиминин негизинде «Бишкекбашкыархитектурасы» КИ тарабынан ишелип чыккан.

Долбоорчу 105 сериядагы 9 кабаттуу турак үйдүн (№1а-№1б жана№2а-№2б блоктогон үйлөр) долбоорун 1197,6 миң сомго төлөм жүргүзүлгөн учурдан тартып 90 жумушчу күндүн ичинде жана заказчынын чыгыш документтерин берүү шарты менен аткаруу милдетин алган.

Бирок, аудит мезгилинде (ноябрь 2019-ж.) долбоорчу тарабынан үйлөрдүн, ички инженердик тармактарынын, жер алдындагы унаа токтотуучу жайынын, балдардын жана спорттук аянтчалардын долбоорунун сметалык бөлүгү иштелип чыгып, берилген эмес. Көрсөтүлгөндөр жоюлбастан, Мамкурулуштун Мамэкспертиза департаменти белгиленген эскертүүлөрдү жок кылуу шарты менен долбоордук-техникалык чечимдерди бекитүү тууралуу 21.12.2017ж. №ГЭ-МА-609 корутундусун берген.

Буга байланыштуу аудит объекттин долбоордук-техникалык чечими 249,1 миң сом төлөнгөндүгүнө карабастан, мамэкспертиза тарабынан бекитилбеген болуп эсептелет деп корутундулайт.

Үйлөрдүн курулушу боюнча подряддык келишим 2017-жылы 173334,3 миң сомго ТЖЖКД менен «Ак-Тулпар» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн.  

ТЖЖКД маалыматына ылайык подрядчыга 33438,5 миң сом которулган, 77099,3 миң сом өздөштүрүлгөн. 31.12.2018-ж. карата ТЖЖКДнын Ак-Тулпар» ЖЧКсынын алдындагы кредитордук карызы 43660,8 миң сомду түзөт (01.11.2019-ж. карата кредитордук карыз 33950,8 миң сомду түздү).

Аткарылган жумуштардын көлөмүнүн ишеничтүүлүгү боюнча тандалган аудиттин жыйынтыгында аткарылбаган жумуштарды төлөп берүү үчүн төлөм 129,9 миң сомго жогорулатылгандыгы аныкталган, алар толугу менен такташуу-актылары аркылуу аткарылган жумуштун көлөмүнөн алып салуу жолу менен ордуна коюлду.

Дебитордук карыздын абалы

Подрядчылардын эсебиндеги дебитордук карыздарды жоюу боюнча жумуштар тиешелүү деңгээлде жүргүзүлгөн эмес. 31.12.2018-ж. карата дебитордук карыз 1 668,3 миң сомду түзөт же жылдын башынан (1 631,5) салштырмалуу 36,8 млн. сомго көбөйгөн (7-тиркемени кара). 

Ошентип, дебитордук карыз 2018-жылга капиталдык салымдардын бюджеттик каржылоосунун суммасынан 56,0 % түзөт.

31.12.2018-жылга карата 30 подрядчы боюнча мөөнөтү өткөн (жүгүртүүсүз үч жылдан ашык) 97,7 млн. сом (01.03.2020-жылга - 94,9 млн.сом, 8-тиркемени караңыз) дебитордук карыз болгон.

Ошону менен бирге аудит ТЖЖКДнын укуктук мамилелер боюнча башкармалыгы тарабынан 2018-жылы подрядчылардан дебитордук карызды өндүрүүгө карата сот органдарына кайрылуу болбогондугун белгилейт.

Маанилүү өлчөмдөгү дебитордук карыз подряддык уюмдардын конкурстук документтердин өзгөчө шартарында, ошондой эле подряддык уюмдар менен түзүлгөн келишимдердин шарттарында каралбаган авансалык төлөмдөрдү которуусунун эсебинен түзүлгөн.

Ошентип, Нарын облусунун ККБ боюнча 01.01.2018-ж. дебитордук карызы 48 094,7 миң сомду түзгөн, 31.12.2018-ж. карата – 67300,1 миң сомду же жылдын башынан салыштырмалуу 19 205,4 миң сомго көбөйгөн. Курулуш жумуштарын төлөп берүү боюнча келишимдердин шарттарын бузуу менен КР Финансы министрлиги тарабынан подрядчыларга 6 064,3 миң сом суммасына авансалык төлөмдөр которулган, алардын ичинде:

- «Нарын районунун Кызыл-Жылдыз а. 225 окуучу орундуу мектептин курулушу» объектиси боюнча «Шер Курулуш» Курулуш компаниясы» ЖЧКсына, келишим суммасы 56 627,4 миң сом. Аванс менен 3 370,6 миң сом которулган;

- «Жумгал районунун Табылгыты а. 150 окуучу орундуу мектептин курулушу» объектиси боюнча «Тунук Курулуш» ЖЧКсына, келишим суммасы 59 863,4 миң сом. Аванс менен 1 662,3 миң сом которулган;

- «Нарын районунун Ак-Кудук а. 150 окуучу орундуу Омор уулу Кожоке атындагы орто мектептин курулушу» объектиси боюнча «Тунук Курулуш» ЖЧКсына, келишим суммасы 58 818,0 миң сом. Аванс менен 631,4 миң сом которулган.

«Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча Жобону» бузуу менен 31.12.2018-ж. карата эсептелген дебитордук карыз Нарын облустук ККБ менен келишим түзгөн 45 подряддык уюм менен салыштыруу актысы менен тастыкталган эмес.    

Түзүлүүчү келишимдерде жумуштарды өз убагында бүткөрбөгөндүгү үчүн подрядчылар үчүн айыппул санкциялары белгиленген. Ошону менен бирге айыппул санкциялары формалдуу болуп саналат, анткени келишимдерде курулушту бүткөрүүнүн айкын мөөнөтү аныкталбайт жана тажрыйбада жумуштарды бүткөрүүнү үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн сакциялар колдонулбайт.

Кийинки насыяларды ачуу үчүн аткарылган жумуштарды анализдөө жана дебитордук карыздарды жоюу аракети жүргүзүлбөгөндүгү авариялык мектептерди калыбына келтирүү же узак курулуштун эсеп  менен 66 социалдык объекттерин бүткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна алып келди.

Ош облустук ККБда сатып алуларды жүргүзүүгө жоопкерчилик бир бөлүмгө жүктөлгөн эмес жана сатып алуулар бөлүмү түзүлгөн эмес. Конкурстук документтерде бүткөрүлө элек объекттердин жана облустук ККБ алдындагы дебитордук карыздын жоктугу тууралуу атайын талаптардын болушунда жеңип чыккан төмөнкү подрядчылардын курулуш келишимин түзүүдө бүткөрүлө элек объекттери же дебитордук карыздары бар болгон: «Мастер-Строй-Сервис и Ко» ЖЧКсынын, «Монтажник» ЖАКсынын, «Эрмек-Юг ЛТД» ЖЧКсынын, «Олимп и Ко» ЖЧКсынын, «Алмаз Бек» ЖЧКсынын, «ЖолдошКурулуш» ЖЧКсынын, «ТапиКо» ЖЧКсынын, «СМТ» ЖЧКсынын, «ПГС ВЕК» ЖЧКсынын, «СМТ» ЖЧКсынын, «ПГС ВЕК» ЖЧКсынын. Өзүнчө конкурстук соодалоолорду жүргүзүүдө “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын мыйзамдуулуктун жана жөнөтүүчүлөргө (подрядчылар) карата калыстыктын сакталбашы; катышуучуларды кеңейтүү жана сатып алуу жүргүзүү учурунда жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылар) ортосунда атаандаштыкты өнүктүрүү бөлүгүндө бузууга жол берилген.   

Баткен облустук ККБда «Баткен ш. А.Жайнаков атындагы Баткен облустук драмтеатрын реконструкциялоо жана капиталдык оңдоп-түзөө» конкурсу боюнча 22 499,7 миң сом сунуштаган суммасы менен жеңүүчү болуп табылган «Артур-Н» ЖЧКсы квалификациялык талаптарга жооп берген эмес, бул катышуучунун бир катар документтери (балансы, жетиштүү кепилдик камсыздоосу) жок болгон.

  «Баткен ш. 250 кабыл алууга бейтапкана куруу» объекти боюнча конкурстун жеңүүүсү 16 876,7 миң сом сунушу менен «ЮГ-МАК» ЖЧКсынын ички жана тышкы инженердик тармактарды (суу менен камсыздоо, канализация, жылытуу жана электр монтаждоо жумуштары) орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо жумуштарын аткарууга уруксат кагазы жок болгон.      

Аудит ТЖЖКДде Мамкурулуштун бөлүктөрү менен тыгыз өз ара аракеттенүүгө жол берген бирдиктүү маалымат Базасы жок экендигин белгилейт.   

Excel офистик программасында объекттерди каржылоо булактары боюнча, белгилүү мөөнөткө жана белгилүү датага подрядчылар жөнүндө  так маалымат түзүү мүмкүнчүлүгү жок, бул берилген маалыматтын ишеничтүүлүгүн тобокелдикке салат. 

Бүткөрүлө элек курулуш объекттерин, кредитордук жана дебитордук карыздарды регистрлерде эсепке алуу каржылоо булактарына бөлүштүрүүсүз чогуу жүргүзүлөт, бирок бир катар объекттер ар кайсы булактардан каржыланат. 

Ошондой эле Бюджеттик классификацияны бузуу менен курулуп бүткөрүлө элек объекттерди эсепке алуу төмөнкү 31141 110 «Курулуп бүткөрүлө элек турак имараттар жана курулмалар» элементи 31141 «Бүткөрүлө элек курулуш» эсеби боюнча жүргүзүлөт, ошону менен бирге көпчүлүк курулуп бүткөрүлө элек объекттер турак эмес имараттын жана курулманын мүнөзүнө ээ (спорттук залдар, маданият үйлөрү, суу менен камсыздоо объекттери) жана аларды эсепке алуу үчүн төмөнкү элементтер арналган: 31141 120 «Турак эмес имараттардын бүткөрүлө элек курулушу»; 31141 130 «Курулмалардын бүткөрүлө элек курулушу».

Ушул аудиттин алкагында төмөнкү тапшырмалар жана кайрылуулар каралган:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын 16.10.2018-жылдагы №12-13-13783 2018-2040-жылдарда Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Улуттук стратегиясында  каралган долбоорлорду Аудитордук иш планга камтуу жөнүндө;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 17.06.2019-ж. №6-486и/19 Сузак районунун Кара-Алма а. Т.Кубатбеков ат. №41 мектептин курулушун текшерүү жөнүндө. Аудиттин жүрүшүндө алдын-ала маалымат Комитеттин дарегине жөнөтүлгөн.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Т.Гайпкуловдун (25.07.2019-ж. №214/19) Ош облусунун Араван районунун Маңгыт а. Н.Исанов ат. мектепти аудит жүргүзүү жөнүндө; 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Нурматовдун (28.10.2019-ж. №6-6764п19) Араван районунун Маңгыт а. 50 койкалуу оорукананын курулушуна пайдаланылган каражаттарды аудит жүргүзүү жөнүндө;

- КР Билим берүү жана илим министрлигинин КР Өкмөтүнүн 01.12.2016-ж. №640 токтомуна ылайык ТЖЖКДга кошулган КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департменти тарабынан төмөнкү келишимдер боюнча подрядчылар тарабынан аткарылган жумуштардын жогорулатылган суммасын калыбына келтирүүгө карата Эсептөө палатасынын эскертүүсүнүн пунктун аткаруу бөлүгүн;

- «Люкс Строй» ЖЧКСынын (27.07.2018-ж.№36 каты) «Баткен районунун Сай а. 225 окуучу орундуу Д.Акматов атындагы орто мектептин курулушу» объектиси боюнча аткарылган жумуштардын 442,1 миң сомго жогорулатылышын кайра текшерүү жүргүзүү жөнүндө каты. Кайталап аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча жумуштардын баасынын жоготулушу аныкталган эмес;

- К.К.Мудунованын (17.10.2019-ж. каты) Мамкурулуштун Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун аткарылган жумуштарды төлөп берүүдө кетирген каталары жөнүндө каты;

- С.А.Назекованын (15.07.2019-ж. каты) Чүй районунун Ибраимов а/ө Ленин-Жол а. маданият үйүнүн курулушу жөнүңдө;

-  Кыргыз Республикасынын ИИМ 10.06.2019-ж. токтомун Жал жана Туңгуч кичи райондорундагы турак үйлөрдүн курулушуна бөлүнгөн акча каражаттарынын ТЖЖКД тарабынан сарпталышы жөнүндө №03-151-2019-000049 кылмыш ишинин алганында. Коюлган маселелер боюнча аралык актылар жол-жоболоштурулган.

Баардык каралган кайрылуулар жана арыздар боюнча маалыматтар тиешелүү даректерге жөнөтүлөт.     

      

Корутунду

1. Мындан мурунку аудиттин жыйынтыгы боюнча калыбына келтирилбеген сумманын калдыгы 4,9 млн. сомду түзөт, анын ичинде 4,2 млн. сомго жумуштардын баасынын жогорулатылышы.

2. Бюджетти аткаруу боюнча  

2.1.Мамкурулуштун борбордук аппараты:

- аттестациялык комиссия тарабынан жүргүзүлүүчү ар бир жумушчу орун комплекстүү баалоо жүргүзүлбөстөн, оор жумуш жана зыяндуу же кооптуу жумуш шарттары үчүн жумушчулардын эмгек акысына кызматтык акынын 25% өлчөмүндө жалпы суммасы 578,1 миң сомго колшумча төлөм жүргүзүлгөн;

- 2018-жылы тиешелүү ченемдик документ жок болсо да, 351,0 миң сомго сыйакы төлөнгөн;

- самолетто учууга орундук талондору жок, жумушчулардын авансалык отчеттору боюнча 147,6 миң сом каражаты эсептен чыгарылган;

- транспорттук каражаттардын саны белгиленген чектен иштебеген абалдагы 1 транспортко ашып кеткен. 2016-жылдын аягында көрсөтүлгөн автоунааны  Мамкурулуш буйругу менен пландаштырылган Жалал-Абад облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жүргүзүлгөн эмес;

- менчик кызматтык автоунаанын кыймылдаткычынын көлөмү 2000 куб/смга уруксат берилген көлөмдөн ашып кеткен. Күйүүчү майды эсептен чыгаруу айына 240литрдин ордуна 500 литр эсебинде жүргүзүлөт, бул 131,3 миң сомго ашыкча каражаттарды эсептен чыгууга алып келген;

- КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын Мамлекеттик имараттар департаменти менен 4 кабаттуу имараттын коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарын 8 340,1 миң сом суммасында төлөп берүүгө түзүлгөн келишим Мамкурулушка тиешеси жок 4 358,7 миң сом (52,2%) чыгымдарын камтыйт;

- атайын эсептин каражаттары жана аларды чыгымдоо тартиби жөнүндө Жобо боюнча сметасы жок 31.12.2018-ж. карата атайын каражаттардын эсебинде (ыктыярдуу толөмдөр) 466,8 миң сом бар болгон (31.12.2019-ж.карата – 493,7 миң сом).  

         2.2. Турак жай-жарандык курулуш департаменти:

- Эмгек акы фондунун эсебине ТЖЖКД үчүн ченемдик актылар менен каралбаган жалпы суммасы 20,8 миң сом сыйакылар жана материалдык жардамдар киргизилген. Сыйакыларды жана кошумча кошуп төлөөгө накталай чыгымы 20,2млн. сомду түзөт;

-  Кызматкерлерди мажбурлап эс алдыруу, сот чечимдери боюнча калыбына келтирилген кызматкерлерге төлөмдөр чыгаша сметасы боюнча бул максаттарга каражаттар каралбаса да, 138,8 миң сом суммасында «Эмгек акы» беренеси боюнча жүргүзүлгөн;

- Сандын чектелүүсүнө карабастан, контракт боюнча 28 кызматкер алынган, аларга төлөп берүүгө 6,3 миң сом багытталган. Контракт менен кызматкерлерди алуу аларга техникалык тапшырма, контракттын жарактуу мөөнөтү жок жүргүзүлгөн. Контракт менен алынган жумушчулар штаттык кызматкерлердин жумушун зарылчылыгы жок кайталашкан. Алар аткарган жумуштардын актылары жол-жоболоштурулган эмес;

- «Транспорттук кызматтар» беренеси боюнча чыгымдардын пландык суммасы 872,0 миң сом болсо, чыныгы чыгымдар 990,5 миң сомду түзөт;

- менчик автоунааны пайдалангандыгы үчүн компенсация төлөп берүү боюнча келишим жана чыгымды тастыктаган документтери жок комиссиянын ыктыярдуу түрдө түзүлгөн актысы менен  286,5 миң сом эсептен чыгарылган;

 - кызматтык автоунаа үчүн күйүүчү майды эсептен чыгаруу ченеминен ашып кеткендигинин жыйынтыгында ашыкча 134,5 миң сомго күйүүчү май эсептен чыгарылган;

- кызматтык автоунаа үчүн кыймылдаткычтын көлөмү белгиленген ченемден 300 куб/см жогору. Жол барактары  журналы, ошондой эле күйүүчү майдын чыныгы чыгымын тастыктаган маалыматтар, спидометрдин көрсөткүчтөрү жок;

- тиешелүү тастыктаган документтери жок «Энесай» пансионатынын дүмүрчөгү боюнча 150,0 миң сом кызматкердин отчеттук эсебинен чыгарылган;

-   ТЖЖКД жетекчилигинин уруксаты жок авансалык отчет боюнча кызматкердин отчетук эсебинен 21,0 миң сомго көп чыгарылган;

- аудиттелген мөөнөттө конкурс өткөрүлбөстөн, 713,6 миң сомго товарлар жана кызматтар сатып алыган. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мыйзамдардын сакталышы КР Башкы прокуратурасы тарабынан текшерилген жана 16.10.2019-ж. сунушу берилген;

- Бюджеттик классификацияны бузуу менен курулуп бүткөрүлө элек объекттерди эсепке алуу 31141 110 «Курулуп бүткөрүлө элек турак имараттар жана курулмалар» элементи менен гана жүргүзүлөт, 31141 120 «Турак эмес имараттардын бүткөрүлө элек курулушу»; 31141 130 «Курулмалардын бүткөрүлө элек курулушу» элементтери боюнча эсептик маалыматтар жок;

- ТЖЖКД жөнүндө Жобо менен каралган республикалык бюджеттин эсебинен турак жай-социалдык өнүктүрүүнү насыялоо (2,9% өлчөмүндө чегерүү) Фондун түзүү КР Бюджет кодексинин ыйтыярдуу курмандыктардын эсебинен фонддорду түзүүгө гана уруксат берген  14-беренесине каршы келет.

2.3. Баардыгы ТЖЖКД жана ОККБ боюнча пайдаланылбаган каражаттар 2017жылдын аягына – 43,2 млн.сомду түзөт, 2018-жылы –4,1млн. сом (2019 жылы – 5,0 млн.сом).

2.4. Мамлекеттик Шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институту (МДИ):

- алуучулардын колу жок кассадан 21,8 миң сом суммасындагы акча каражаттары эсептен чыгарылган;

- КТУ боюнча кошумча төлөм кварталдык эмгек акыдан жогору ашыкча төлөп берилген (44,7 миң сом; 39,6 миң сом; 51,9 миң сом; 108,3 миң сом; 122,2 миң сом  ж.б.).

2.5. Ичүүчү суу менен камсыздоону жана агындылоону өнүктүрүү департаменти (азыр КР Өкмөтүнүн 30.07.2019-ж. №383 токтому менен бекитилген КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик суу ресурстары агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана агындылоону өнүктүрүү департаменти:

- ченемдик актысы жок 2018-жылы кызматкерлерге 377,5 миң сомго сыйакы төлөп берилген;

- аттестациялык комиссия тарабынан лабораториялык жана инструменталдык изилдөө жана ченөө жүргүзүү боюнча ар бир жумуш ордун комплекстүү баалоо жүргүзүлбөстөн, оор жумуш жана зыяндуу же кооптуу жумуш шарттары үчүн жумушчулардын эмгек акысына кызматтык акынын 25% өлчөмүндө жалпы суммасы 320,7 миң сомго кошумча төлөм жүргүзүлгөн. Ошону менен бирге, Мамсанэпидемкөзөмөлү борборуна (Бишкек ш.) лабораториялык жана инструменталдык изилдөө жүргүзүү үчүн 20,6 миң сом суммасында которулган.

2.6. Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы кассага төлөнгөн 14,5 миң сом суммасындагы акча каражаттары эсеп боюнча жүргүзүлгөн эмес (аудиттин жүрүшүндө эсеп боюнча жүргүзүлдү).

2.7. Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан жөнөтүүчүнүн эсебинде турган 420,6 миң сом суммасындагы дебитордук карыз бухгалтердик эсеп боюнча чагылдырылган эмес (аудиттин жүрүшүндө 420,6 миң сом баланс боюнча көрсөтүлгөн).

2.8.  Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан 43,2 миң сом суммасындагы ижара төлөмү республикалык бюджеттин кирешесине киргизилген эмес (аудиттин аякташы менен бюджетке которулган).  

2.9. Жумгал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан бир штаттан тышкаркы бирдикти каржылоого 58,5 миң сом төлөп берилген. Кызматкерлерге белгиленген кызматтык акыларынан тышкары 18,5 миң сомго төлөмдөр жүргүзүлгөн. Тастыктаган документтери жок күйүүчү май жана тетиктерге 25,0 миң сом акча каражаттары эсептен чыгарылган.

2.10. Кочкор райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан 4 штаттан тышкаркы бирдикти каржылоого 215,2 миң сом төлөп берилген.

2.11. Төмөнкүлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын жетпей калышы аныкталган:

- Сүлүктү шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 2,5 миң сомго;

- Ноокен   райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 3,6 миң сомго (аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген).

2.12. Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 521,6 миң сом акча каражаттарынын жетпей калышы аныкталган (аудиттин аякташы менен сумма калыбына келтирилген). Аудиттин материалдары Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

2.13. Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыктарында иш сапар чыгымдары боюнча ашыкча төлөмдөр жүргүзүлгөн:

  • Араван – 2,0 миң сомго (аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген); Алай – 7,0 миң сомго (аудиттин аякташында калыбына келтирилген); Ноокат – 11,4 миң сомго; Өзгөн – 4,5 миң сомго; Чаткал – 6,3 миң сомго (аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген); Баткен – 7,0 миң сомго; Кадамжай – 3,2 миң сомго (аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген).

2.14. Кирешеге салыктын суммасы толук которулган эмес:

  • Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 3,6 миң сомго (28.05.2019-ж. бюджетке которулган);
  •   Баткен облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 1,2 миң сомго (06.06.2019-ж. бюджетке которулган);
  • Кызыл-Кыя шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 12,8 миң сомго;

2.15. Таш-Көмүр шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында кызматкерлерге иштебеген мезгили үчүн 11,1 миң сом төлөп берилген;

2.16. Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында кызматкерлерге сыйакы төлөп берүүдө 32,1 миң сомго камсыздандыруу мүчөлүк акысы кошуп эсептелген эмес (аудиттин жүрүшүндө Социалдык фонддун бюджетине кайтарылган).

2.17. Сузак райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 5,6 миң сомго материалдык баалуулуктар негизсиз эсептен чыгарылган (аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген).

2.18. Баткен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 151,3 миң сомго дебитордук карыз эсеп боюнча эске алынган эмес;

 2.19. Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында зыяндуулук үчүн кызматкерлерге  9,8 миң сомго кошумча төлөм негизсиз жүргүзүлгөн. Тастыктаган документтери жок 5,0 миң сом суммасы кызматкердин эсебинен чыгарылган (тастыктаган документтерди берүү жолу менен жетишпестиктер жоюган). 12,7 миң сомго киреше салыгы толук кошуп эсептелген эмес (12,7 миң сомду кошуп эсептөө жолу менен оңдолгон).

2.20. Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында кирешеге карата салык 2,5 миң сомго азайтылган. Киреше салыгына 4,4 миң сом жана 3,2 миң сом суммасында Соцфондко жеткире эсептелген эмес (сумма бюджетке жана Соцфондко калыбына келтирилген).

2.21. Чаткал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 1,2 миң сомго акча каражаттарынын жетишпестиги аныкталган (аудиттин аякташы менен калыбына келтирилген), эсеп боюнча жашырылган 11,6 миң сом дебитордук карыз (аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген).

2.22. Өзгөн, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыктарында бухгалтердик эсеп тийиштүү турдө жүргүзгөн эмес.

3. Ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүндө мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамынын сатып алуу планынын жоктугу жана конкурс өткөрүү, түз келишим түзүү методу менен сатып алууда бааларды мониторинг жүргүзүү бөлүгүндө бузуулар белгиленген.

4. Аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыктары тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтар КР Өкмөтүнүн 10.02.2012-ж. №85 токтому менен бекитилген аткаруу бийлиги, анын түзүмдүк бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жүргүзүлүүчү мамлекеттик кызматтардын Бирдиктүү реестрине киргизилген эмес. Кызмат көрсөтүүдөн алынган кирешелер 177,8 млн. сомду түзөт.

2014-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу болгон КР Өкмөтүнүн 14.04.2014-ж. №212 токтому менен КР Экономика министрлигине Мамкурулуш менен бирге 2014-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө жумуштарды Бирдиктүү реестрге киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген, бирок азыркы мезгилге чейин аткарыла элек.

5.  Мамкурулуштун алдындагы ТЖЖКД азыркы учурда жалпы суммасы 57,8 млн. сомго НДС боюнча салык карызын аткаруу боюнча салык органдары менен соттук териштирүүлөрдө катышууда.

6.   2,9 млрд. сом суммасында капиталдык салымдардын көлөмүн караштырган 2018-жылга республикалык бюджети жөнүндө КР Мыйзамын бекитүү учурунда ТЖЖКДда капиталдык салымдардын суммаларын керектөөнүн социалдык-экономикалык негиздемеси жок. КР Өкмөтүнүн буйруктарынын негизинде объекттердин Тизмесине киргизилүүчү өзгөртүүлөр Тизмеге киргизилген өзүнчө объекттер боюнча каржылоонун жоктугуна алып келген.      

         7. 2018-жылга республикалык бюджети жана Тизме түзүү тартиби жөнүндө КР Мыйзамын бузуу менен Тизмеге 2003-2017-жылдары курулуп башталган 82 объект киргизилбей калган, аларды бүткөрүүгө 2,6 млрд. сом керектелет. 

8. Курулуп бүткөрүлө элек объекттерди каржылоо артыкчылыгы сакталбастан, Тизмеге сметалык баасы 1 417,1 млн.сомго 33 жаңы объект киргизилген, 2018-жылы 120,5 млн.сом каржыланган, алардын ичинде курулушуна көп чыгым жумшалуучу мектептер бар, ал эми КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча азыркы учурда республика боюнча 242 авариялык мектеп бар.

9. Өзүнчө объекттер үчүн каржылоо көлөмүн бир кыйла өзгөртүү жана башка объекттерге каражаттын жетишсиздиги менен Тизмеге көп ондоолорду киргизүү капиталдык салымдар боюнча чыгымдарды болжолдоонун чындыкка жатпай тургандыгын, бюджеттин ачыктыгынын жана “Мамлекеттик финансыларды башкаруу” Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча орто мөөнөттүү иш чаралар планынын индикаторлорунун карама-каршы келиши финансылык тартиптин начардыгын тастыктайт.

         10. 2018-жылдын жыйынтыгы менен республикалык бюджетке 110,9 млн. сом өздөштүрүлбөгөн каражаттар кайтарылган.

  11. КР Өкмөтүнүн 05.01.2018-ж. №5 «Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон өзүнчө чек ара аймактарында коопсудукту камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш чаралары жөнүндө» токтому өтө начар аткарылууда. 43,6 млн. сом каржылоо ачылса, болгону 6,3 млн. сом которулган. Ошону менен бирге подряддык уюмдардын дебитордук карызы 5,1 млн. сомду түзөт. 

         12. Региондорду өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасын аткаруу боюнча жумуштар толук жүргүзүлгөн эмес. 27,6 млн. сомго 17 оорукананын лифттерин реконструкциялоо жана оңдоо үчүн ачылган каржылоонун ичинен 7,3 млн. сом гана которулган.  

13. 2018-жылдын аягында 2014-2015-жылдары бөлүнгөн Орусия Федерациясынын грантынын эсебинен бүткөрүлө элек курулуштун көлөмү 645,7 млн. сомду түзөт, подрядчылардын дебитордук карызы 165,9 млн. сом жана 12,5 млн. сом кредитордук карызы бар.

14. 31.12.2018-ж. карата бүткөрүлө элек курулуштун суммасы 10,0 млрд сомду түзөт жана жылдын башына салыштырмалуу (9,8 млрд.) 200,0 млн. сомго көбөйгөн. 2008-2016-жылдары башталып, азыркы учурда бүткөрүлбөй турган 145 объекттин курулушун бүткөрүү үчүн 3,8 млрд. сом керектелет.   

 15. 2018-жылы 156 объекттин курулушу бүткөрүлгөн, бирок бухгалтердик баланстын маалыматы боюнча 2018-жылы тиешелүү органдардын балансына 123 объект өткөрүлүп берилген. 

         16. ОКС боюнча подрядчылардын объектисинде иштин наркын 47 670,3 миң сомго негизсиз ашыруу көрсөтүлгөн. Аудиттин жүрүшүндө 35 658,0 мин сом калыбына келтирилген.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгында  аткарылган иштин ашырылган суммасы 12012,3 миң сомду түзүп, калыбына келтирилген эмес.

17. Улуттук онкология жана гематология борборунун аймагында объекттердин курулушу боюнча башкы подрядчы «Эмарк Групп» ЖЧКсы тарабынан:

- келишимдин шартарын бузуу менен 14,0 млн. сомго 10% өлчөмүндө келишимди аткарууну кепилдик менен камсыз кылуу берилген эмес;

- аткарылган жумуштардын баасы 1998,9 миң сомго жогорулатылган (аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген).

18.    УОГБ аймагында объекттердин курулушу боюнча аткарылган жумуштардын долбоордук чечимдерге шайкеш келишине автордук көзөмөл ТЖЖКД тарабынан аткарылган эмес, буга байланыштуу УОГБ аймагындагы балдардын онко-гематологиялык борборунун жаңы имаратынын курулушу боюнча аткарылган подряддык жумуштардын көлөмү тастыкталган эмес жана кабыл алынган эмес.

19. Сот тутумунун кызматкерлери үчүн турак үйлөрдүн курулушу боюнча «Бишкекбашкыархитектурасы» КИ долбоорчу тарабынан аткарылган долбоордук-техникалык чечимдер мамэкспертиза тарабынан бекитилген эмес. Объекттин подрядчысы «Ак-Тулпар» ЖЧКсына жумуштардын баасы 129,9 миң сомго жогорулатылган (аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген).

20. Дебитордук карыздарды жоюу боюнча жумуштар тиешелүү деңгээлде жүргүзгөн эмес. 2018-жылдын аягында дебитордук карыз 1 668,3 млн. сомду түзгөн жана 36,8 млн. сомго көбөйгөн. 31.12.2018-жылга карата 30 подрядчы боюнча мөөнөтү өткөн (жүгүртүүсүз үч жылдан ашык) 97,7 млн. сом (01.03.2020-жылга - 94,9 млн.сом, 8-тиркемени караңыз) дебитордук карыз болгон. Ошону менен бирге,  ТЖЖКДнын укуктук мамилелер боюнча башкармалыгы тарабынан 2018-жылы подрядчылардан дебитордук карызды өндүрүүгө карата сот органдарына кайрылуу жөнөтүлгөн эмес.    

21. ТЖЖКДде Мамкурулуштун бөлүктөрү менен тыгыз өз ара аракеттенүүгө жол берген бирдиктүү маалымат Базасы жок.

22. Бүткөрүлө элек курулуш объекттерин, кредитордук жана дебитордук карыздарды регистрлерде эсепке алуу каржылоо булактарына бөлүштүрүүсүз жүргүзүлөт, бирок бир катар объекттер ар кайсы булактардан каржыланат. 

23. Түзүлүүчү келишимдерде жумуштарды өз убагында бүткөрбөгөндүгү үчүн подрядчылар үчүн айыппул санкциялары белгиленсе да, айыппул санкциялары колдонулган эмес, анткени келишимдерде курулушту бүткөрүүнүн айкын мөөнөтү аныкталган эмес.

24. Ош облусунун ККБда конкурстук документтерде бүткөрүлө элек объекттердин жана дебитордук карыздын жоктугу тууралуу атайын талаптардын болушунда жеңип чыккан подрядчылардын бүткөрүлө элек объекттери же дебитордук карыздары бар болгон.

25. Баткен облусунун ККБда Конкурста жеңүүчү болуп табылган «Артур-Н»ЖЧКсы квалификациялык талаптарга жооп берген эмес (балансы, жетиштүү кепилдик камсыздоосу жок болгон). «Баткен ш. 250 кабыл алууга бейтапкана куруу» объекти боюнча конкурстун жеңүүүсү «ЮГ-МАК» ЖЧКсынын ички жана тышкы инженердик тармактарды орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо жумуштарын аткарууга уруксат кагазы жок болгон.     

26 Ушул аудиттин алкагында төмөнкүлөрдүн тапшырмалары жана кайрылуулары каралган: Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, «Люкс Строй» ЖЧКсынын, К.К.Мудунованын жана С.А.Назекованын, КР ИИМдин 10.06.2019-ж. Жал жана Туңгуч кичи райондорундагы турак үйлөрдүн курулушуна бөлүнгөн акча каражаттарынын ТЖЖКД тарабынан сарпталышы жөнүндө токтому. 

Белгилей кетүүчү нерсе, 2015-жылга карата аудит тарабынан аныкталган «Люкс Строй» ЖЧКсы тарабынан аткарылган жумуштардын 442,1 миң сомго көбөйтүлгөн суммасы текшерүүнүн жыйынтыгында тастыкталган эмес.

27. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын демилгеси менен, Чүй областынын Москва районундагы Беловодское айылындагы мектепти курууга бөлүнгөн каражаттарды туура пайдалануусун текшерүүдө Чүй областтык ККБ тарабынан  кызматтарды төлөөдө 5,1 млн. сомго бузуулар аныкталып ал боюнча материалдар КР УКМКна кароо жана тийиштүү чара көрүү үчүн жөнөтүлдү (чыг.№01-7/1220, 13.06.2019-ж). 

 

Сунуштар

  1. 2017-жылга аудиттин жыйынтыгы менен Эсептөө палатасынын эскертүүсүн КР Бюджеттик кодексинин 72-беренесине ылайык толук көлөмдө аткаруу камсыздалсын.
  2. Аймактык жана ведомстволук бөлүктөрдүн кызматтык адамдарына, Мамкурулуштун борбордук аппаратынын жооптуу адамдарына финансылык тартипти сактоого, мамлекеттик сатып алуу жүргүзүүгө, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө карата администрациялык жаза колдонулсун.

3. Төмөнкүлөр сакталсын:

- компьютер менен иштөөдө зыяндуулук үчүн кызматкерлерге кошумча төлөм аныктоодо КР Өкмөтүнүн 27.04.2015-ж. №258 токтому менен бекитилген «Оор жумуш жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары үчүн кошумча төлөм белгилөө тартиби жөнүндө Жобо” менен белгиленген тартип;

- иш сапар менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо боюнча бардык тиешелүү тастыктоочу документтердин болушунда, КР Өкмөтүнүн 26.08.2008-ж. №471 “Иш сапар чыгымдарынын ченемин аныктоо жана алардын ордун толтуруу жөнүндө” токтому;

- КР Өкмөтүнүн 30.12.2011-ж. №767 “ КР мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык кезмектик автоунааларын кыскартуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражаттарын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун транспорттук каражаттардын ченемин жана менчик кызматтык автоунаанын кыймылдаткычынын көлөмү боюнча техникалык ченемдерди сактоо бөлүгү. 

4. КР Өкмөтүнүн 29.09.2017-ж. №626 «Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтому менен бекитилген «Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө Жобого” ылайык чыгымдар атайын эсептин каражаттарынын эсебинен максаттуу багытына ылайык КР Финансы министрлиги менен макулдашылган киреше жана чыгаша сметасына ылайык жүргүзүлсүн.   

5.      Турак жай-жарандык курулуш департаменти:

5.1. Төмөнкүлөр боюнча чара көрсүн:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлеринин ишин баалоо жана эмгек акысын төлөп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык кызматкерлердин эмгек шарттарын жана эмгек акы фондун түзүү;

- жеңил кезметтик автоунаасынын техникалык мүнөздөмөлөрүн КР Өкмөтүнүн 30.12.2011-ж. №767 токтомунун 4-пунктунун кыймылдаткыч көлөмү бөлүгүндөгү ченемдерге ылайык келтирүү;

- электрондук өз ара аракеттенүү программасын жайылтуу;

- ТЖЖКД жөнүндө Жобонун фонд түзүү бөлүгүнө КР Бюджеттик кодексинин 105-беренесине ылайык өзгөртүү киргизүү.

5.2. Төмөнкүлөрдү сактоо камсыз кылынсын:

- кызматкерлердин менчик автоунааларын пайдаланууда транспорт каражаттарын кармоого каралган чектерде КР Өкмөтүнүн 18.09.2006-ж. №672 “Менчик жеңил автомобилдерди кызматтык сапарларга пайдалангандык үчүн компенсациянын нормалары жөнүндө” токтомун;
            - бүткөрүлө элек курулушту, каржылоо булагы боюнча кредитордук жана дебитордук карыздарды регистрларда эсепке алуу боюнча Бюджеттик классификациянын;
5.3. Эмгекти төлөп берүү боюнча каражаттарды натыйжалуу жана туура пайдаланууну камсыздоо максатында жыл сайын контракт менен кызматкерлерди кошумча алууга байланыштуу сандын чегин өзгөртүү маселесин кароону жогорку органдарга демилгелөө;
5.4. Төмөнкүлөр калыбына келтирилсин:

- КР Өкмөтүнүн 30.12.2011-ж. №767 “КР мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык кезмектик автоунааларын кыскартуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражаттарын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтомун бузуу менен кызматтык автоунаа үчүн күйүүчү майды эсептен чыгаруу ченеминен ашуунун жыйынтыгында 134,5 миң сом чыгым;

- кызматкердин эсебинен чыгарылган тиешелүү тастыктаган документери жок 150,0 миң сом  жана ТЖЖКД жетекчилигинин уруксаты жок 21,0 миң сом.

6. Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институту:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12.06.2018-ж. №281 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында чарба жүргүзгөн субъекттеринин жана бюджеттик уюмдардын кассалык операцияларды жүргүзүү тартибин» бузуу менен эсептен чыгарылган 21,8 миң сом суммасындагы акча каражаттары кассага калыбына келтирилсин;

- Ар бир кызматкердин квартал сайын ишинин жыйынтыктарын жана кошкон салымын аныктоого КТУ боюнча белгиленген кошумча төлөм ченемдери боюнча Жобо катуу сакталсын.   

7. Жумгал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы

- тастыктаган документтери жок күйүүчү майга жана тетиктерге 25,0 миң сомго эсептен чыгарылган акча каражаттары калыбына келтирилсин.  

8. Сүлүктү шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы

- товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпеген 2,5 миң сом калыбына келтирилсин.

9. Төмөнкү райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыктарында иш сапар чыгымдары боюнча ашыкча төлөмдөр калыбына келтирилсин: Өзгөн – 4,5 миң сом; Баткен – 7,0 миң сом ; Ноокат – 11,4 миң сом.   

10. Кызыл-Кыя шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы 12,8 миң сом суммасында киреше салыгын бюджеттин эсебине киргизүү жана которуу боюнча бухгалтердик эсеп регистрлерине оңдоо киргизсин.

11. Баткен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жашырылган 151,3 миң сом дебитордук карыз бухгалтердик эсеп регистрлер боюнча өткөрсүн.  

12. Аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыктары төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- бухгалтердик эсепти КР Өкмөтүнүн 07.10.2010-ж. №231 «Ишкердик субъекттердин, коммерциялык эмес уюмдардын (бюджеттик мекемелерден башкасынын) финансылык-чарбалык ишинин бухгалтердик эсебин жүргүзүү жөнүндө» токтомуна ылайык жүргүзүү;

         - мамлекеттик сатып алууларды «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР Мыйзамынын 10-беренесине ылайык жүргүзүү;

         13. Тиешелүү чаралар көрүлсүн:

         - КР Өкмөтүнүн 30.12.2017-ж. №855 токтому менен бекитилген «Капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу республикалык бюджеттен каржылануучу инвестициялык долбоорлоордун тизмесин түзүү жөнүндө» токтомун аткарууну камсыз кылууга;

         - 2020-жылга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон өзүнчө чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш чаралар Планын аткаруу боюнча;

 - КР Өкмөтүнүн 10.02.2012-ж. №85 токтому менен бекитилген аткаруу бийлиги, анын түзүмдүк бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жүргүзүлүүчү мамлекеттик кызматтардын Бирдиктүү реестрине  киргизүү боюнча.

14. Төмөнкүлөр боюнча жыйынтыктарга жетүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлсүн:

-  курулуп бүткөрүлө элек объекттерди кыскартуу;

- дебитордук карыздарды азайтуу;

- КР Финансы министрлигинин 25.12.2018-ж. №137 буйругу менен бекитилген «Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча Жобого» ылайык өз ара эсептөөлөрдүн салыштыруу актысын бардык подрядчылар менен кол коюуга;

15. Объекттердин курулуш жана долбоорлоо келишимдеринин шарттарында жумуштарды конкурстук документтерде аныкталган мөөнөттөрдө аткаруу боюнча подрядчынын милдеттенмеси жумуштарды бүткөрүүнү үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн айыппул санкцияларын колдонуу менен каралып чыксын.

16. Курулуп бүткөрүлгөн 33 объектти тиешелүү органдардын балансына кыска мөөнөттө өткөрүп берүү камсыз кылынсын.

17. УОГБ аймагындагы объекттердин жана Бишкек шаарында сот тутумунун кызматкерлери үчүн үйлөрдүн курулушун жүргүзүп жаткан подрядчыларды белгиленген тартипте мамэкспертиза тарабынан бекитилген техникалык документтер менен камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлсүн.

18. Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгында  аткарылган иштин ашырылган суммасы 12012, 3 миң сом калыбына келтирилсин.

 

Аудиттин жыйынтыгы боюнча жөнөтүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин Катчылыгына – отчет;

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине – отчет жана сунуш;

-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине – отчет, эскертүү жана сунуш.

 

         Ош жана Баткен областында жайгашкан Мамкурулуштун аймактык бөлүнүштөрүндө бюджеттин аткарылышына аудит КР Эсептөө палатасынын Ош ш., Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

         Аудит КР Эсептөө палатасынын аудитору А.С.Султанкуловдун жетекчилиги астында төмөнкү курамдагы жумушчу топ: КР Эсептөө палатасынын башкы мамлекеттик инспектору Ш.У.Сатимбаев, мамлекеттик инспекторлору А.Кочкорбаев, М.Нуранов, С.К.Тоокеевдер тарабынан жүргүзүлдү.

 

 

 

 

Аудитор                                                                              А.С. Султанкулов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

    

 

 

           

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 24.06.2013-жылдагы № 372 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык  чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтому

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258  «Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» токтому.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Иш сапар чыгымдарынын ченеми белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө” токтому.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  30-декабырындагы № 767 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтому.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473  «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтому.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №672 «Менчик жеңил автомобилдерди кызматтык сапарларга пайдалангандык үчүн компенсациянын нормалары жөнүндө»  токтому.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы №849 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү иргизүү жөнүндө” токтому

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын  27-апрелиндеги № 258 “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө  климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө” токтому

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын  12-июнундагы № 281 «Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу” токтому

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын  07-октябрындагы № 231 «Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюмдар (бюджеттик мекемелерди албаганда) тарабынан бухгалтердик эсептин жана каржылык отчеттуулуктун жүргүзүлүшүнүн маселелери жөнүндө” токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому

 

Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө Мыйзамы

 

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 18-декабрынын № 137-п финансы министлигинин  Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө буйругу