Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы  мамлекеттик агенттигинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан  2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде, анын ведомстволук жана аймактык органдарында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчет каралды.

Аудиттин жүрүшүндө Түп механизациялаштырылган токой чарбасында 206,0 миң сомго товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталган. Үч-Коргон жана Ысык-Көл токой чарбаларында эмгек акыны негизсиз төлөөнүн суммасы 50,7 миң сомду түзгөн.  Командировкалык чыгымдары 55,0 миң сомго ашыкча төлөнүп, алардын жарымынан көбү калыбына келтирилген. Казына тутумун айланып өтүү менен 5,3 миң сом суммасында атайын каражаттар пайдаланылган, алар бюджетке толугу менен кайтарылган.

Биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинде эсепке алуу боюнча жашырылган 561,4 миң сомго дебитордук жана ашырылган кредитордук карыз  аныкталган.

213,0 миң сом суммасында резервдер жана бюджеттик жоготуулары белгиленген.

Товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары Нарын токой чарбасында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы  мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгында жалпысынан 175,3 миң сомду түзгөн.

Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу боюнча 13,7 миң сом өлчөмүндө бюджеттик жоготууларга жол берилгендиги аныкталган, көрсөтүлгөн суммага белгиленген ченемден ашыкча 355 литр күйүүчү май чыгымдалган. Бюджет боюнча Жумгал токой чарбасы боюнча социалдык фондго төгүмдөр боюнча дебитордук карыз бар (17,25%), анда ашыкча каржылоонун суммасы 24,0 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин борбордук аппаратында жана Нарын аймактык башкармалыгында 78,5 миң сом суммасында товардык – материалдык баалуулуктардын жана эсептеги каражаттардын ченемден ашык корлору бар.  

Аудиттин жыйынтыктары боюнча отчет бекитилген жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине  жазма буйрук жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине  отчет, жазма буйрук жана сунуш жиберилген.