Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Токтогул районунунда 2 229,8 миң сомдук каржылык чектен чыгуулар аныкталды.

2018-2019-жылдар аралыгында Токтогул районунун айыл аймактарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына, Токтогул  районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 2 229,8 миң сом болгон каржылык чектен чыгуулар аныкталды.

Аталган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ;Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан жүргүзүлгөн аудиттердин  натыйжасында белгилүү болду.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 21,1 миң сом, андан акча каражатынын жетишпестиги 5,0 миң сом, товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиги 16,1 миң сом, каражаттарды сарптоодогу чектен чыгуулар жана кемчиликтер 2 066,4 миң сом, андан товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз чыгыштоолор 210,9 миң сом, мунун ичинен кызматтык сапар чыгымдарына негизсиз төлөп берүүлөр 91,1 миң сом, курулуштун көлөмүн жана наркын жогорулатып жазуулар 1 559,6 миң сом, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулар 42,5 миң сом, дебитордук карыздарды жашыруулар жана кредитордук карыздарды көбөйтүүлөр 253,4 миң сом, салыктарга кошумча эсептөөлөр 31,4 миң сом жана Социалдык фонд взносторуна кошумча эсептөөлөр 110,9 миң сом түзгөн.

Каржылык чектен чыгуулар толугу менен ордуна коюлууга жатат. Аудит учурунда каржылык чектен чыгуулардан 2 141,7 миң сом ордуна коюлду. Ордуна коюлбаган сумма 88,1 миң сомду түзөт. 

Мындан сырткары 248,2 миң сом бюджеттик жоготуулар жана резервтер аныкталган, анын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктарды нормадан ашыкча сарптоолор 248,2 миң сом.