Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2018- 2019-жылдарга карата “Гознак” жоопкерчилиги чектелген коомунда жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудитинин жыйынтыктары.

    Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда, 2018-2019-жылдардагы "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коомундагы натыйжалуулук аудитинин отчету каралды.

    Аудит  "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коомунун насыя алуучулардын алдында карыздык милдеттенмелеринин бар экендигин белгилейт, бул финансылык-чарбалык иштин натыйжаларына терс таасирин тийгизет.     

  "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын бузулгандыгы аныкталды.  2018-жылы тендер өткөрбөй, товарлар, жумуштар жана кызматтар сатылып алынган, 2019-жылы бекитилген пландан ашыкча сатып алуулар жүргүзүлгөн.

    Коомдун кирешелүүлүгүн жогорулатуу, насыяларды төлөө жана полиграфиялык жабдууларды күрөөдөн бошотуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү сунушталды.

    Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана “Гознак” жоопкерчилиги чектелген коомуна жөнөтүлдү. Отчет жана сунуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жөнөтүлдү.