Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддо жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

            Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунда (ММББФ)  2019-жылга карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчет каралды.

            Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу социалдык дистанцияны сактоо максатында аудит, текшерүү үчүн берилген документтердин негизинде (анын ичинде электрондук түрдө), тандалма ыкма менен жүргүзүлгөн.

            Аудитте белгиленгендей Фонд тарабынан  кирешелердин  болжолу боюнча тийиштүү деңгээлдегидей  жумуштар жүргүзүлгөн эмес, тагыраак айтканда  ашыкча төлөнгөн жана чарбакер субъекттердин жана мамлекеттик менчикти ижарага алуучулардын карыздары эсепке алынган эмес. 2019-жылы иш жүзүндө дивиденддерден түшүүлөрдүн азайышы бул эки гана ири акционердик коомдор боюнча 1,3 млрд. сомду түзгөн. 2019-жылдын аягына дивиденддер боюнча акционердик коомдордо 95,0 млн сомго карыздарынын өсүшүнө жол берилген. Фонддо өздүк талдоолордун жоктугу, мындан аркы чыгымдарды жана кирешелерди жаңылыш эсептөөлөр, келечекте дивидендтик базага жана бюджеттик кирешелерге таасирин тийгизет.

            Талдоо көрсөткөндөй, мамлекет берген бир кыйла активдер менен, өзүнүн иш чөйрөсүндө атаандаштары бар мамлекеттик ишканалар аз кирешелүү жана аз рентабелдүү болуп саналышат. 2018-жылга иштердин жыйынтыгы боюнча 105 мамлекеттик ишканалардын ичинен жарымынан көбү (53%) зыяндуу же пайдасыз болуп саналат.

            Аудит  жыл сайын мамлекеттик мүлктү ижаралоо келишимдеринин саны азайып бараткандыгын, ошону менен бирге “жашыруун” ижарага берүү бар экендигин белгиледи. Түзүлгөн келишимдердин саны азайып бараткандын себептеринин бири республикалык бюджеттин кирешесине толук өлчөмдө ижара төлөмүн чегерүү болуп саналат, бул пайдаланылбаган мүлктү ижарага берүүгө баланс кармоочулардын кызыкчылыгынын төмөндөшүнө алып келди. Эсептик жалпы суммадан 88,3 млн. сом, анын ичинде 87,5 млн. сом ижара төлөмүнүн өлчөмүн кайта каралбагандын жыйынтыгында же туура эмес коэффициенттерди колдонууда, 0,7 млн. сом ижара төлөмүнүн суммасын кайта эсептөөдө төмөндөтүлгөн коэффициенттерди колдонуунун жыйынтыгында КНС (НДС) боюнча бюджеттик кирешеден түшүп калууга жол берилген. Андан тышкары келишимдин шарттарына ылайык 16,9 млн. сомго эсептик туумдар чегерилген эмес.

            Фонддун тиешелүү эмес иштеринин жана Ысык-Көл областынын КР Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуунун Аппараты менен туура эмес бөлүштүрүүнүн жыйынтыгында, мурда “Кумтөр Голд Компании” ЖАКу тарабынан  алынган, эсептик баасы 7 млн. сомдон ашык турган 100 контейнер түрүндө мамлекеттик активдерди жоготуп алуу тобокелдиги турат.

            Аудиттин жыйынтыктары жөнүндө отчет жана маалымат Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилди. Отчет, жазма буйрук жана сунуштамалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна жөнөтүлдү.