Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдагы ишине жүргүзүлгөн  аудиттин  жыйынтыктары.

            Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчету каралды.          

            Түзүлгөн эпидемиологиялык жагдайга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен минималдык байланышты камсыз кылуу максатында аудит тандалып алынган метод менен, анын ичинде электрондук форматта берилген документтердин негизинде жүргүзүлдү.

            2019-жылы Салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджеттин кирешесине салыктардын жана төлөмдөрдүн болжолдогу 83 978,7 млн сомдун ордуна 83 989,1 млн сом жыйналган, аткаруу 100,0 %ды түздү же 10,4 млн сомго көп чогултулган.

            Салык жыйымдарынын жана башка камсыздандыруу төгүмдөрүнүн толуктугу боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун маанилери жетишилген эмес.

            Көп жылдардан бери салык салуунун жеңилирээк режимин колдонуп келе жаткан жана контролдук-кассалык машиналар өнөр жайда, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеген субъекттердин адилетсиз салыктык жүктөмүндө көрүнгөн салык администрациясындагы теңдеминин бузулушу белгиленди.

            Аудиттин жыйынтыгы боюнча, бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөнкү резервдери бар. 96,0 млрд. сомду түзгөн банктардан тышкаркы акча жүгүртүү байкалбаган экономиканын көлөмүнүн тийиштүү өсүшүн көрсөтөт, мында салыктарды эсептик жашыруу 8 млрд сомдон ашкан жана көмүскө экономикалык ишти легалдаштыруу боюнча өкмөттүк натыйжалуу чараларды көрүүнү талап кылат.

            Кыймылдуу мүлккө салык төлөбөө тобокели 440 миңден ашык бирдикте транспорт каражаттары болуп саналат, алар Мамлекеттик каттоо кызматынын базасында 35 жылдан ашык эсепте турат жана эсептен чыгарылышы мүмкүн.

            Акыркы жылдары салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына берилүүчү салыктык жеңилдиктердин жана бошотуулардын өсүү тенденциясы байкалып, бюджеттин кирешелеринин төмөндөшүнө жана айрым жактарга салык салуунун акыйкаттуулук принцибинин бузууга алып келет. 2019-жылы мыйзамдын негизинде берилген бошотууларга байланыштуу салыктардын түшүп кетүүсү 29,2 млрд сомду түзгөн.

            Мындан тышкары, берилген патенттердин саны жана камсыздандыруу полистери сыяктуу өз ара байланыштуу эки көрсөткүчтүн ортосунда ажырым аныкталды. 2019-жылы берилген патенттердин санына салыштырмалуу камсыздандыруу полистери 349 миңге аз катталган же потенциалдуу резервдер болжол менен 495,2 млн сомго чейин түздү.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда тиешелүү токтом кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет жиберилди. Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигине жазма буйрук жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына отчет, жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.