Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Москва  районунда  6225,7 миң. сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды.

            2018-2019-жылдар аралыгында Москва районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, райондук мамлекеттик администрациясынын бюджетинин аткарылышына, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 6225,7 миң сом болгон каржылык бузуулар аныкталды.

            Аталган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан жүргүзүлгөн аудиттердин  натыйжасында белгилүү болду.

            Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында 6067,2  миң сом акча каражаттары туура эмес сарпталган, анын ичинен: негизсиз эмгек акы төлөөлөр 4316,6 миң сом; негизсиз эсептен чыгарылган  материалдык баалуулуктар  жана  акча  каражаттары 37,3 миң сом ( аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген); курулуш - куроо иштеринин көлөмүнүн ашырылышы -112,4 миң сом; бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 10,0 миң сом; эсептен  жашырылган дебитордук  карыз жана жогорулатылган кредитордук карыз 1590,9  миң сомду түзүп, аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген. Бюджетке  кошумча  кирешелерди эсептөө 42,3 миң сомду түзгөн, анын ичинен 11,3 миң сом калыбына келтирилген. Социалдык фондко 116,2 миң сом ашыкча берилип кеткен.

            Бюджеттин резервтери жана жоготуулары 4004,9 миң сомду түзгөн. 4089,2 миң сом рационалдуу эмес пайдаланылган.

            Мекемелер боюнча алып караганда эң ири каржылык бузуулар: Ак-Суу айыл өкмөтүндө 300,0 миң сом, Петровка айыл өкмөтүндө 321,7 миң сом, Предтеченка айыл өкмөтүндө 915,2 миң сом, Садовое айыл өкмөтүндө 640,4 миң сом, Төлөк айыл өкмөтүндө 297,4 миң сом, Целинный айыл өкмөтүндө 1582,0 миң сом, Петровка айыл өкмөтүнүн “Таза Петровка” муниципалдык ишканасында 147,2  миң сом  өлчөмдөрүндө аныкталды. 

            Аудит жүргүзүлгөн мекемелерге аныкталган каржылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жиберилди.