Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2019-жылдагы ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

 

 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2019-жылга карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчет каралды.

Түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, МБКнын кызматкерлери менен минималдуу байланышты камсыз кылуу максатында, аудит тандоо ыкмасы менен электрондук форматта берилген документтердин негизинде жүргүзүлдү. Бажы тармагынын электрондук автоматташтырылган маалымат тармагынын базасына кирүүгө аудитке уруксат берилген эмес. 

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы толугу менен аткарылган эмес.

Каралган болжолдуу көрсөткүчтөр тышкы соода жүгүртүмүнө карата аткарылган жок. 2019-жылда 2018-жылга салыштырмалуу экспорттун көлөмү көбөйгөн, ал эми импорттун көлөмү азайган.

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан көзөмөлдөнүүчү кирешелерден иш жузүндө 43,3 млрд. сом түшкөн (96,8%). Болжолду аткарбай калуунун негизги себеби болуп, товарларды  импорттоонун көлөмүнүн төмөндөшү, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдөн ташып кирүү бажы алымынын толук түшпөй калуусу саналат.

Казакстан Республикасынын аймагы боюнча кыргыз ишкерлеринин товарларын транзит менен алып өтүү көйгөйлөрү болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткарууга чоң таасирин тийгизди.

Салык жана бажы мыйзамдарга, эл аралык макулдашууларга  ылайык товарларды бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөр  көлөмүнүн төмөндөшүнө  таасир тийгизген факторлордун бири болуп саналат.2019-жылы төлөөдөн бошотуу жана жеңилдик берүүнүн жалпы суммасы 6,3 млрд. сомду түздү, алардын ичинен эң ири бошотуулар импорттолгон негизги каражаттар (29,0%); дары-дармек каражаттары(26,5%-НДС); Кумтөр (23,3%тамож.пошлина).

             “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан Япониядан алып келинген радиациялык автоунааларды сактоо боюнча 29,6 млн. сомду түзгөн олуттуу чыгымдар белгиленди. Кармалган товарларды сактоо боюнча чыгымдар товарларды иш жүзүндө кайтарып алган жактар тарабынан ордуна келтирилет. Бирок, бажы кызматтары тарабынан ал автоунааларды кабыл алууда унаалардын абалы жөнүндө акты жана сактоого келишим түзүлгөн эмес.

            Аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилген. Аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жазма буйрук берилди.