Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кара-Кулжа районунун бюджеттерине  жүргүзүлгөн аудиттерде 2212,0 миң сом суммасында  каржылык бузуулар аныкталды.

.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылга аудитордук ишмердүүлүгүнө ылайык, 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы Кара-Кулжа районундагы айыл аймактарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Кара-Кулжа районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна аудиттер жүргүзүлгөн.        

            Аудиттерде райондук мамлекеттик администрация, райондун айыл аймактары, муниципалдык ишканалары жана  Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Кара-Кулжа башкармалыгы камтылды.

            Жыйынтыгында жалпысынан болуп 2212,0  миң сомдук каржылык  бузуулар аныкталды, анын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуусу 10,2 миң сом, эмгек акыны негизсиз төлөөлөр74,5 миң сом, товардык-материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттардын негизсиз чыгымдоо 103,3 миң сомго, сапар чыгымдарына ашыкча төлөө 52,0 миң сомго, курулуш- куроо иштеринин көлөмүн жана наркын ашыруу 1074,4 миң сомго, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу 254,8 миң сомго, дебитордук карыздын эсебин жашыруу жана кредитордук бересенин эсебин жогорулатуу 430,0 миң сомго, бюджеттин кошумча эсептелген кирешелери 180,5миң сомго жана Социалдык фондго кошумча эсептелген кирешелер 32,3 миң сомго.

            Каржылык бузуулардан 2137,5 миң сом өндүрүлүүгө тийиш. Аудиттин жүрүшүндө 899,7 миң сом өндүрүлдү.

            Бюджеттин резервтери жана жоготуулары 805,8 миң сомду түздү, анын ичинен: электр энергиясын жана күйүүчү майлардын ченемден ашыкча пайдалануу 565,9 миң сом жана башка жоготуулар 239,9 миң сом. Ошондой эле, рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 638,6 миң сомду түздү.

            Аудиттердин  материалдары тийешелүү мекемелерге жиберилди.