Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Талас шаарынын бюджеттерине  жүргүзүлгөн аудиттерде 3 115,1 миң сом суммасында  каржылык бузуулар аныкталды

.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылга аудитордук иш планына ылайык, 2017-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы Талас шаарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Талас шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, шаардык муниципалдык ишканалардын ишине аудиттер жүргүзүлгөн.      

Жүргүзүлгөн аудиттердин алкагында шаардын 13 мекемелеринде жана муниципалдык ишканаларында баардыгы 3 115,1 миң сом суммасында каржылык  бузуулар аныкталган. Жетпей калуулар жана уурдоолор-53,3 миң сомду түзсө, каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана жетишпестиктер – 2 803,8 миң сомду түздү, анын ичинен:

  • эсеп берме суммаларды жана командировка чыгымдарын кошкондо, товардык материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу-125,4 миң сом;
  • курулуш -куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы -716,9 миң сом;
  • бюджеттин башка деңгээлинде турган уюмдарга бөлүнгөн каражаттар-2 209,5 миң сом.
  • бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери-5,4 миң сом, анын ичинде:
  • салык жана бажы мыйзамдарынын бузулушу – 5,4 миң сом.

   -   Соц.фондго кошумча чегерилген кирешелер – 4,6 миң сом.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 859,3 миң сом, анын ичинде:

  • товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары – 214,0 миң сом;
  • эмгек акыны төлөөдөгү бузуулар-645,3 миң сом.

 Аудиттердин жыйынтыгында, Талас шаардык кеңешине маалымат, Талас шаарынын мэриясына, Талас шаардык кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Талас башкармалыгына жазма буйруктар жиберилген. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын бузуу фактылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментине маалымат жиберилди.