Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

        Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумунда, сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган кодекстерге мыйзам актыларды шайкеш келтирүү максатында даярдалган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 668 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзам долбоору (“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) каралып жатканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетинин мүчөлөрү тарабынан, Эсептөө палатасы мамлекеттик аудиттин органы катары финансылык аудитти, шайкештик аудитин жана натыйжалуулук аудитин жүргүзүү менен гана иш алып барышына негиздөө менен, “укук коргоо органдарынын суроо-талаптарына жоопторду, корутундуларды берүү үчүн, жеке менчик формасына карабастан ишканалардын жана уюмдардын ишине аудит жүргүзүү боюнча Эсептөө палатасынын функциясын  “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинен алып салуу зарылдыгы жөнүндө сунушталган.

        Ошондой эле, 2020-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти               С.Ш. Жээнбековдун төрагалыгы астында өткөн Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин отурумунда, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын функциясынан укук коргоо органдарынын суроо-талаптары боюнча ишкердик субъекттеринин ишине аудит жүргүзүүнү алып салууну сунуш кылышкан. Буга байланыштуу, жогоруда аталган Комитет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө алты айлык мөөнөттө “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү бөлүгүнө, укук коргоо органдарынын суроо-талаптары боюнча, анын ичинен, бюджетти аткаруу жана мамлекеттик менчик менен түздөн түз байланышпаган  ишкердик субъекттерине карата контролдук иш-чараларды жүргүзүүнү ушул Мыйзамдын 7 жана 11-беренелеринен алып салууга тиешелүү маселени кароону сунуштаган. 

        2020-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзамы (“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) кабыл алынган, ага Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков 2020-жылдын 12-августунда кол койгон.

        Көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык:  

        - Эсептөө палатасынын ишинин негизги түрлөрүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча укук коргоо органдарынын суроо-талаптарына, ошондой эле соттордун жана Омбудсмендин (Акыйкатчынын) токтомдоруна корутундуларды, жоопторду берүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит жүргүзүү алынып салынган. “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 8-пункту күчүн жоготту деп таанылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 72-беренесине (Эсептөө палатасынын компетенциясы) өзгөртүү киргизилген.     

        - Пландан тышкаркы контролдук иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тапшырмаларынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талаптарынын негизинде жүргүзүлөт деп такталган. Мында, көрсөтүлгөн иш-чараларды жүргүзүү үчүн негиздерден  козголгон кылмыш иштери боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин суроо-талаптары алынып салынган. “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине (Эсептөө палатасынын ишин пландоо) өзгөртүү киргизилген.