Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2017-2018-жылдар аралыгында Нарын областындагы Нарын районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, 4  млн. 373,6 миң сом жалпы суммасында каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, ири суммадагы төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталды:

  • курулуш-куроо иштеринин көлөмүнүн ашырылышы – 2 млн. 517 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 534 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын жетпей калышы – 507,4 миң сом;
  • дебитордук карызды жашыруу жана кредитордук карыздарды жогорулатуу – 446,3 миң сом;
  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 222,3 миң сом;

Мындан тышкары, 946,9 миң сом суммасында бюджеттин резерви жана жоготуулары аныкталды.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 132,3 миң сом.

Каржы бузуулардын эң ири суммасы төмөнкү айыл өкмөттөрдө табылды:

  • Достук айыл өкмөтү – 2 млн. 365,6 миң сом;
  • Учкун айыл өкмөтү – 1 млн. 279,6 миң сом;

Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн каты аркылуу Достук айыл өкмөтүндөгү каржы бузуулар тууралуу Нарын райондук прокуратурасына өткөрүлгөн аудиттин актылары жөнөтүлгөн.

Аудиттин материалдары Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөт башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканаларга аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.