Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Заирбек Жоошбеков “Эсептөө палатасынын үлгүлүү кызматкери” III даражадагы медалы менен сыйланды. Сыйлык өз милдеттерин жана коомдук иштерди ак ниеттүүлүк менен так, ыкчам аткаргандыгы үчүн берилди.

Ошондой эле, ардактуу эс алууга чыгып жаткандыгына байланыштуу, Эсептөө палатасынын кызматкерлери, башкы мамлекеттик испектор Акимкан Бекдаиров жана мамлекеттик инспектор Алим Мансурходжаев “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ардактуу кызматкери” төш белгилери менен сыйланышты.

Сыйлоо аземи 2020-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отурумунда уюштурулду.