Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө 2018-жылга карата Транспорт жана жолдор министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары, 2018-жылы өткөрүлгөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө чыгымдалган каражаттардын аудитинин отчету, 2014-2020-жылдарга Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткарууга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары талкууланды.

Ошондой эле, отурумда «2020-жылга Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбооруна даярдалган корутунду каралды.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.