Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын курама командасы 2019-жылдагы Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин спартакиадасында ага катышкан 42 министрликтин жана ведомствонун ичинен 1-орунду ээледи.

Бишкекте 2019-жылдын 31-октябрында Спартакиаданын салтанаттуу жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду. Сыйлык тапшыруу эки тайпада өттү: күч түзүмдөрүнө кирбеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын командалары арасында жана республиканын күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын командалары арасында.

1-, 2-, жана 3-орундардын жеңүүчүлөрүнө кубоктор, медалдар жана дипломдор, ошондой эле 250 000, 150 000 жана 100 000 сом суммасындагы акчалай сыйлыктарга сертификаттар тапшырылды. 

Жарандык түзүмдөр арасындагы жеңүүчүлөр:

1-орун – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;

2-орун – КР Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги;

3-орун – Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу.

Күч түзүмдөрү арасындагы жеңүүчүлөр:

1-орун – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

2-орун – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы;

3-орун – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы.

Эске сала кетсек, Бишкекте 2019-жылдын 22-октябрынан 29-октябрына чейин ар жылдык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин кезектеги спартакиадасы өткөрүлдү. Спартакиада спорттун төмөнкүдөй түрлөрү боюнча өттү: кол күрөш, бильярд, волейбол, гира спорту, дартс, мини-футбол, жеңил атлетика, стол үстүндөгү теннис, ок атуу, тогуз коргоол, үч тапан, шахмат, аркан тартыш.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, республиканын мамлекеттик органдарынын 42 курама командасынын ичинен 2700 катышуучу катышты.  Спартакиада мамлекеттик органдарда дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү, спортту жана сергек жашоону даңазалоо жана жайылтуу, ошондой эле Спартакиадага катышкан мыкты командаларды аныктоо максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.