Chamber of Accounts
of the Kyrgyz Republic

Helpline
+996 (555) 500-985
For subscribers of OJSC "Kyrgyztelecom" the call is free of charge

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, ЖалалАбад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн.

Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ала-Бука райондук финансы башкармалыгы, Ала-Бука районунун айыл аймактары жана райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылган.

Ала-Бука районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча - 126 млн 343,1 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды. Бузуулардын классификатору боюнча бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун туура келбеши (киреше булагын туура эмес пландоо) – 780,0миң сом;

  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, алар боюнча туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролдоо чаралардын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 255,6миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө же толук эмес чегерүү (Салыкка, СФга кошумча эсептөөлөр) – 1850,4 миң сом;
  • бюджеттик сметада көргөзүлбөгөн чыгымдар – 19,0 миң сом;
  • курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу – 47563,0 миң сом;
  • капиталдык салымдарды сарптоодогу жана курулуш иштерин аткаруудагы башка бузуулар – 20808,3 миң сом;
  • эмгек акынын ченемден ашыкча төлөнүшү – 40,0 миң сом;
  • товардык материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгашалары – 49,1 миң сом;
  • негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу – 37581,8миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы – 592,5 миң сом;
  • тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 5210,0 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузууларга кирбеген бузуулар (муниципалдык жерлерди менчикке жана ижарага негизсиз берүү) – 10206,6 миң сом;
  • бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн талаптарын бузуу менен отчет берүү – 22,0 миң сом;
  • эмгек акы,  иш сапар чыгымына жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар, ашыкча төлөөлөр – 364,8 миң сом;
  • дебитордук карызды бухгалтердик эсепке алуудагы бузуулар – 1000,0 миң сом.

Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнүн жер балансындагы 0,68 га жер участогун менчикке берүүдө 2171,6 миң сомдук бюджеттик жоготуулар боюнча материалдар, Ала-Бука айыл өкмөтундөгү бак-дарак категориясындагы жерледи мөөнөтсүз 49 жылга ижара акысыз пайдаланууга берилип, 8035,0 миң сомдук бюджеттик жоготууга жол берилген фактылар боюнча материалдар, Көк-Таш айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган курулуш иштериндеги 19254,5 миң сомдук бузуулар, 2815,0 миң сомдук негизсиз чыгымдар, “Көк-Таш техсервис” муниципалдык ишканасындагы 2010,0 миң сомдук каржы бузуулар жана “Көк-Таш тазалык” муниципалдык ишканасындагы 1385,0 миң сомдук каржы бузуулар, Көк-Серек айыл өкмөтүндөгү курулуш иштерине 16420,4 миң сомдук кошуп жазуулар, жалпы 52091,5 миң сомдук каржы бузуулар боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн, Жалал-Абад областтык прокуратурасына жөнөтүлөт.

Урматтуу мекендештер!  Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.  Эгемендүүлүк күнү - биздин өлкө үчүн абдан мааниси зор тарыхый майрам.

Read more ...

2019-2020-жылдар аралыгында Ноокен районунун жана Кочкор-Ата шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 4 млн. 674,3 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Read more ...