Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасынын өкүлдөрү ишмердүүлүктүн натыйжасын баалоо боюнча программанын жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов баштаган жумушчу топ 2019-жылдын 2-6-сентябрында Белград шаарында (Сербия) Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюмунун (INTOSAI) Өнүктүрүү демилгеси тарабынан уюштурулган «Аудиттин жогорку органдарынын натыйжалуулугун баалоо системасы (SAI PMF)»  программасынын алкагында  кезектеги жолугушууга катышты.

Аталган жолугушууга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Грузия, Сербия, Румыния мамлекеттеринин Аудиттин жогорку органдарынын (АЖО) өкүлдөрү катышышты. Иш-чара 2019-жылдын мартында уюштурулган жолугушуунун уландысы катары өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар АЖО ишмердүүлүгүн баалоо боюнча алдын ала отчетторун талкуулап, институционалдык мандаттын баалоо натыйжалары боюнча отчетторду түзүү, операционалдык, стратегиялык жана аудитордук ишмердүүлүктүн пландарын сапаттуу түзүү боюнча тажрыйбалар менен бөлүшүштү.

Ошондой эле, катышуучулар аудиттин жыйынтыктары жана аны жүргүзүү процессинин методологиясын, адам ресурстарын башкаруу жана профессионалдык өнүгүү жаатындагы маселелерди SAI PMF талаптарынын жана аудиттин жогорку органдарынын эл аралык стандарттарынын негизинде жүргүзүүнү талкуулашты.

Аталган жолугушуулардын уландысы катары АЖО өкүлдөрүнө жогорудагы маселелер боюнча өзүлөрүнүн органдарында ички баалоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жыйынтыктоочу отчет түзүү милдеттенмелери берилди. Отчетторду даярдоонун жүрүшүндө уюштуруучу тарабынан АЖО өкүлдөрүнө методологиялык жана консультативдик колдоо көрсөтүлмөкчү.

Маалымат: Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюму (ИНТОСАИ/INTOSAI) — БУУ өлкөлөрүнүн аудиттин жогорку органдарын бириктирген эл аралык уюм. Аталган уюм 1953-жылы түзүлүп, анын курамына аудиттин 192 жогорку органдары кирет, анын ичинде Кыргыз Республикасы дагы бар. Эл аралык уюмдун максаттары: профессионалдык стандарттарды иштеп чыгуу жана өнүктүрүү, потенциалды өстүрүү, билим жана маалыматтык кызмат көрсөтүү тажрыйбалары менен алмашуу.