Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Төрага У.Марипов Кытайдын Улуттук аудит кеңсесинин Башкы аудитору Ху Цзецзюнь менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов 2019-жылдын 3-сентябрында Пекин шаарында Кытай Элдик Республикасынын Улуттук аудит кеңсесинин Башкы аудитору Ху Цзецзюнь айым менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу актуалдуу маселелер талкууланды. 2018-жылдын июль айында Бишкек шаарында ШКУ өлкө-мүчөлөрүнүн жогорку аудит органдарынын жетечилеринин IV жолугушуусунун алкагында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Кытай Элдик Республикасынын Улуттук аудит кеңсесинин ортосундагы Эки тараптуу келишимдин алкагындагы өз ара кызматташуунун келечектеги жолдору аныкталды.

Мындан тышкары, тараптар аудитордук ишмердүүлүктү пландоо, аудиттин натыйжасында отчеттуулукту түзүү жана аудиттин эл аралык стандарттарын иш жүзүндө колдонуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

КР Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов өз сөзүндө, КР менен КЭРдин Жогорку аудит органдарынын (ЖАО) ортосунда ишмердүүлүктүн бардык тараптары боюнча тыгыз жигердүү өз ара иш-аракеттер жүрүп жаткандыгын белгиледи. «Заманбап тажрыйба глобалдаштыруунун жана динамикалуу өзгөрүп туруучу артыкчылыктар шартында  өз ара пайдалуу кызматташтыктын тенденциясын мындан ары дагы бекемдеп туруу зарылчылыгын көрсөтүүдө. Ушундай деңгээлдеги аталган жолугушуулар биздин жумушубуздун натыйжалуулугун жогорулатып, кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдейт деп терең ишенем» - деп, белгиледи Эсептөө палатасынын төрагасы.

Ошондой эле, У.Марипов Кытайдын Коммунистикалык партиясынын Тяньцзинь шаардык комитетинин туруктуу комитетинин мүчөсү, Тяньцзинь шаарынын мэринин биринчи орун басары Ма Шуньцин мырза менен жолугушту. Жолугушуу учурунда КР Эсептөө палатасынын төрагасына аудитордук ишмердүүлүктө заманбап технологияларды колдонуу, тактап айтканда Тяньцзин шаарынын аудитордук ишмердүүлүгүн автоматташтыруу жана санариптештирүү, ошондой эле аудиттин сапатынын көзөмөл системасын жакшыртуу жөнүндө маалымат беришти.

Мындан тышкары, жумушчу иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын делегациясы «Аудиттик ишмердүүлүктө автоматташтыруу жана санариптештирүү жана көлөмдүү маалыматтар менен иштөө» темасында Тяньцзинь шаарынын муниципалдык аудитордук башкармалыгынын алдыңкы тажрыйбасы менен таанышты.