Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын Эгемендүүлүк Күнү менен куттуктоосу!

            Урматтуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери, Сиздерди 31-август Эгемендүүлүк күнү менен  чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

 

31-август – бул, кыргыз калкынын жаңы тарыхындагы, жаңы доорундагы өзгөчө күн. Ошол күнү биз эркиндикти жана көз карандысыздыкты тандап алганбыз. Өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан бери башынан көп кыйынчылыктарды өткөрдү, бирок, ага карабастан, кыргыз элибиздин сабырдуу, тарыхтагы чыдамкай улуу калк экенин дагы бир жолу даңазалап, көптөгөн жетишкендиктерге жетиштик. “Бара-бара көч түзөлөт” дегендей, эгемендүүлүккө жаңы ээ болго.н кезде кетирилген катачылыктар акырындан оңолуп отуруп, көптөгөн ийгиликтерге жетишип, бүгүнкү күндө көп нерсени үйрөндүк.

          “Өзгөргүң келсе өзүңдөн башта” дегендей, мамлекеттик кызмат органы катары, Эсептөө палатасында дагы жогорку  деңгээлдеги жакшы жыйынтыктар болду жана келечекте дагы алдыга жылуулар боло берерине терең ишенем!             

         Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер мамлекетибиздин өнүгүп- өсүүсүнө зор салымын кошуп келет. Ар бир ишти кылдаттык менен аткарып, эң жакшы жыйынтыктарга жетишип, үзүрүн көрүп жатканыңыздар өлкөбүздүн эртеңи, келечек муундардын кийинки тагдыры үчүн деп ойлойм. Кандай гана кырдаал болбосун, дайыма ынтымакта, биримдикте, бири-бирибизге болгон сый мамиле менен алдыга умтулуп келебиз. Эгемендүү өлкөбүз Сиздердин жана биздин ак эмгегибиз менен өнүгө берсин!

        Урматтуу кесиптештер, Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө ачык асман, бакубат жашоо, ден соолук, узун өмүр каалайм! Ар бирңиздердин жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, көңүлүңүздөр куунак болсун. Кылган кызматыңыздар эл үчүн болуп,  калк арасында кадыр-баркка ээ болуп жүрө бериңиздер.  

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!

 

  Урматтоо менен,

 Кыргыз Республикасынын  Эсептөө палатасынын төрагасы                                     У.А. Марипов