Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

JDS (JICE) долбоорунун өкүлдөрү менен Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин жолугушуусу уюштурулду

2019-жылдын 26-августунда эл аралык кызматташтыктын Япон борбору тарабынан (JICE) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн,  Япон гранттык жардамы долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын арасында кадрларды даярдоодо  стипендияларды берүү боюнча маалыматтык семинар өткөрүлдү.

       Презентация учурунда окуу планына тиешелүү Япон ЖОЖдорда билим берүү жөнүндө  программасы тууралуу, тапшырууга талапкерлерди тандоо жана документтерди даярдоо тартиби жөнүндө так маалыматтар берилди.

      Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери JDS долбоорунун алкагында аудит жана финансы чөйрөсүндөгү багыттарды окуу программасына киргизүү мүмкүнчүлүгүн сунуш кылышты.