Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

15-августта Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

2019-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болду. Анда Кеңештин мүчөлөрү- төрага Улукбек Марипов, аудиторлор - Алимжан Байгазаков, Вадим Садовников, Айжан Садыркулова, Зарылбек Сатаев, Алмасбек Султанкулов, Акылбек Тумонбаев,  аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери жана аудит жүргүзшкөн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери  катышты.

Отурумда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекттик салык кызматынын ишине, 2017-2018-жылдарга карата «Нарынатайынгидроэнергомонтаж» Ачык акционердик коомунун 2018-жыл үчүн киреше бөлүгүнүн аткарылыш бөлүгүнө  жүргүзүлгөн аудиттердин  жыйынтыктары, ошондой эле 2018-жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин   болжолдуу жыйынтыгы   каралды.  

Кеңештин мүчөлөрү, Мамлекеттик салык кызматына жүргүзүлгөн аудитин  жыйынтыгын угуп, мамлекеттин киреше бөлүгүнүн аткаруу, тууралуу, Салык кызматынын органдары тарабынан   банкроттууулук процессин демилгелөө жана алардын  Кыргыз Республикасынын Экономика министринин алдындагы Банкроттук иштер боюнча департаменти менен өз ара аракеттенишүү маселелери, ошондой эле пландуу аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган маселелерди көтөрүштү.  Мындан тышкары, “Нарынатайынгидроэнергомонтаж” Ачык акционердик коомуна жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчётту кароонун жыйынтыгы боюнча, компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жана мурунку аудиттин жыйынтыгы боюнча жөнөтүлгөн жазма буйруктардын  аткарылышы тууралуу суроолор да берилди.     

Отчёттор, жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштар тиешелүү мамлекеттик жана укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. Жогоруда көрсөтүлгөн аудиттердин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын расмий  www.esep.kg сайтына жарыяланат.