Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери мамлекеттик карызга аудит жүргүзүү жаатында билимин өркүндөтүүдө

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн, 2019-жылдын 2-3-августунда “Мамлекеттик карызга аудит” темасында семинар уюштурулган.  

Окутуу семинары Европалык биримдиктин “Социалдык коргоо секторун реформалоо боюнча контрактты ишке ашырууну техникалык колдоо” долбоорун  финансылык колдоосу алдында өттү.  Кыргызстандын бухгалтерлери жана аудиторлору бирикмесинин аткаруучу директору В. Гетман семинардын тренери болду. Бардыгы болуп 24 кызматкер окушту.

Эки күндүк семинардын  жүрүшүндө катышуучулар кыска жана узак мөөнөттүү мезгилдеги  карыз алуу жана мамлекеттик карызды тейлөө маселелерин, коомдук сектор үчүн Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык, отчётто карызды көрсөтүү стандарттарын талкуулашты. 

 

Материалды бышыктоо үчүн, катышуучулар финансылык отчеттуулукта карыз каражаттарын көрсөтүү жана эсепке алуу жаатында практикалык тапшырмаларды аткарышты.