Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

4-июлда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болду

Бүгүн, 2019-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму  болду ага Кеңештин мүчөлөрү – төрага  Улукбек Марипов, аудиторлор – Алимжан Байгазаков, Заирбек Жоошбеков, Вадим Садовников, Айжан Садыркулова, Зарылбек Сатаев, Алмасбек Султанкулов жана Акылбек Түмөнбаев, ошондой эле Эсептөө палатасынын аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери жана аудит объектилеринин жетекчилери катышты.  

 Отурумда 01.01.2017-жылдан 31.12.2018-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана анын ведомстволук мекемелеринин бюджетинин аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн аудит, 01.01.2018-жылдан  31.12.2018-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун ишине, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн, Фонддун бюджетинин аткарылышына  жүргүзүлгөн аудит, 01.01.2018-жылдан 31.12.2018-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин финансылык отчеттуулугуна жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишине жүргүзүлгөн аудит, 01.01.2016-жылдан 31.12.2018-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаменттин ишине жүргүзүлгөн аудит,  01.01.2015-жылдан  31.12.2018-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Кыргыз агро өнөр жай корпорациясы” Ачык акционердик коомуна жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчеттордун жыйынтыктары каралды.  

         Кеңештин мүчөлөрү,   Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйнытыктары боюнча баяндаманы угуп, финансылык тартипти бузуу фактыларына жана Эсептөө палатасы тарабынан берилген мурдагы жазма буйруктардын аткарылышына токтолушту. Талкуунун жүрүшүндө, “Мүлк” мамлекеттик ишканасын, негизинен “Караван” соода борборун натыйжалуу башкаруу маселеси көтөрүлдү.

Мындан сырткары, Кеңештин мүчөлөрү “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасына мурда жөнөтүлгөн жазма буйруктардын аткарылышы жөнүндө маалыматты угушту. Анын жыйынтыгы боюнча, жазма буйруктун аткарылышын тездетүү жана Эсептөө палатасына маалымат берүү чечими кабыл алынды.  

 Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча отчеттор, жазма буйруктар жана сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн аудиттердин жыйнытыктары жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын  www.esep.kg. расмий сайтына жарыяланат.