Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 2018-жылга карата, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө, республикалык бюджетке чегерилген кирешелердин эсептелишинин тууралыгы бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүргүзүлгөн аудиттин жый

2019-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук иш-чаралар планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 2018-жылга карата, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  эсептерин тейлөө, республикалык бюджетке чегерилген кирешелердин эсептелишинин тууралыгы бөлүгүнө аудит жүргүзүлгөн.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  эсептерин тейлөө боюнча                      2018-жылга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча КРУБ таза кирешенин 2 103 936 миң сом өлчөмүндө алган жана республикалык бюджетке анын 90 пайызын чегерүүлөр боюнча бузуулар аныкталган эмес. 24.04.2019-жылдагы № 336 төлөм тапшырыгы боюнча, аудиттин жүрүшүндө 2018-жылы КРУБ кирешесинин  90 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине - 1 893 542,7 миң сом өлчөмүндө которулган.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы эмгек акыны төлөө тутумуна жана Улуттук банктын кызматкерлерине дем берүүгө, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”  Мыйзамынын 17-беренесинде белгиленген, Улуттук банктын кирешелерин жана чыгымдарын түзүү жана Улуттук банктын функцияларын аткарууга    аудит жүргүзүүгө, мүмкүн болбогондугун белгилейт, Улуттук банктын позициясы боюнча, көрсөтүлгөн аудиттерди жүргүзүү  Эсептөө палатасынын компетенциясына кирбейт.