Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А. Мариповдун Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу кесиптештер!

Жарандардын бакубат жашоосу үчүн биринчи кезекте өнүккөн экономиканы куруу ар бир мамлекеттин негизги максаты. Ал эми өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн дасыккан, кесипкөй адистердин болуусу абдан маанилүү. Адам ресурстарынын потенциалын эффективдүү колдонуу менен гана гүлдөп-өнүккөн коом курууга жетишүүгө болот.

Кыргызстандын экономикасынын бардык тармактарында үзүрлүү эмгектенип жаткан финансисттердин жана экономисттердин кошуп жаткан чоң салымын белгилөө менен, жыл сайын 7-июнь - Каржы жана экономика кызматкерлеринин күнү деп расмий белгиленип келет.

Сиздердин кыргыз мамлекети үчүн аткарып жаткан ары жооптуу, ары татаал аракеттериңиздердин аркасында өлкөбүздө бир катар тышкы жана ички факторлордун таасири астында болуп жаткан көйгөйлөр чечилип, стратегиялык максаттарды мерчемдөөгө жол ачылууда жана мындан ары да талыкпастан эмгектене береишиңиздерге терең ишеним артабыз.

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Ар дайым ишиңиздерди бай тажрыйба, жогорку кесипкөйлүк, жооптуу мамиле, тартиптүүлүк, чынчылдык, калыстык, тактык, ийгилик коштосун!

Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, бакубат турмуш каалаймын!

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын

Төрагасы У. Марипов