Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2017-жылга Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана ага караштуу мекемелеринин бюджеттик, атайын жана башка каражаттарынын пайдаланылышына пландуу аудит жүргүзүлдү.

Аудиттин жүрүшүндө мамлекеттик комитетинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунда 7 626,6 миң сомдук ашырылган насыялык карыз, ошондой эле, эмгек акыны төлөөдөгү 4 549,7 миң сомдук бузуулар аныкталган.

"Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасында 2 495,7 миң сомго товардык-материалдык баалуулуктарды ченемден ашык чыгымдары аныкталган.  

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 29 310,2 миң сомду түзгөн. Анын ичинен, Мамлекеттик картографиялык-геодеозиялык кызматнда товардык-материалдык баалуулуктарды ченемден ашык корлору 812,4 миң сомду түзгөн. 767,4 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттар, кызматкерлер үчүн стационардык жана мобилдик байланыш кызматына, ошондой эле кызматтык кабинеттердеги IP TV кызматтары боюнча чыгымдарды түзгөн. 27 730,4 миң сом өлчөмүндөгү атайын каражаттар, аткарылган иштердин көлөмү жана натыйжалуулук эске алынбастан туруп, Мамлекеттик комитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн ай сайынкы сый акыларды төлөөгө багытталган.

Ошондой эле, Мамлекеттик комитеттин ведомстволук түзүмдөрүндө, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жана талаптарын көптөгөн бузуулар аныкталган.    

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Мамлекттик комитеттин жетекчилигине аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузууларды жана кем чыгууларды четтетүү, ошондой эле аларга жол берген адамдардын жоопкерчилигин кароо боюнча жазма буйрук берилди.

Аудиттин материалдары КР  Жогорку Кеңешине, КР Президентинин Аппаратына, КР Өкмөтүнө жана аудит объектисине жөнөтүлдү.