Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кадамжай районунун бюджеттик мекемелерине жана айылдык округдарына аудит жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Кадамжай районунун бюджеттик мекемелеринде жана айылдык округдарында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүлдү. Аудитке райондук мамлекеттик администрация, КР каржы министрлигинин Кадамжай башкармалыгы, он үч  айыл аймактарында, Айдаркен, Кадамжай шаардык мэриялары жана Кадамжай районундагы өзүн-өзү башкаруу органдарынын  муниципиалдык  ишканалары камтылды.

Бюджеттик мекемелерде жана Кадамжай районунун айыл аймактарында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында жалпысы болуп 3045,5 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды. Алардын ичинен, негизги каржы бузуулар: акча каражаттардын жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуусу 136,4 миң сомду түздү, товардык-материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттардын негизсиз чыгымдоо – 321,3 миң сом, курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн жана наркын жогорулатуу –1819,9 миң сом, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу –316,7 миң сом, бюджеттин кошумча эсептелген кирешелери – 120,7 миң сом жана Социалдык фондго кошумча эсептелген кирешелер – 165,9 миң сом. 

Каржы бузуулардын жалпы суммасынын ичинен 3035,3 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш. Аудиттин жүрүшүндө 1591,3 миң сом өндүрүлдү.

Мындан сырткары, 2877,8 миң сомдук бюджеттеги резервдер жана жоготуулар аныкталды, анын ичинен: электр энергиясын ченемден ашыкча пайдалануу 978,5 миң сомго, эмгек акына негизсиз төлөөлөр 106,2 миң сомго жана башка бюджеттик жоготуулар 1793,1 миң сомду түздү.