Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасы өз кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти улантууда

Европа Биримдигинин “Социалдык коргоо секторун реформалоо боюнча келишимди ишке ашырууда техникалык жактан колдоо” долбоорунун көмөктөшүүсү менен  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерине CIPA программасынын “Салык” жана “Укук” багыты боюнча окутуунун курсу уюштурулду жана өткөрүлдү. Окутуудан 25 адам өттү. Мурда Эсептөө палатасы тарабынан “Финансылык эсепке алуу-1”, жана “Башкаруу эсеби-1” багыттары боюнча курстар өткөрүлгөн.

Окутуунун максаты - кызматкерлерди CIPA программасы боюнча эл аралык сертификат (Certified international professional accountant)  алууга даярдоо,  КР Эсептөө палатасын 2016-2020-жылдарга өнүктүрүүнүн Стратегиялык планына ылайык, КР Эсептөө палатасынын кызматкерлерин өнүктүрүү жаатындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Сертификатты (биринчи баскычты) алуу үчүн  “Финансылык эсепке алуу-1”, жана “Башкаруу эсеби-1”,  “Салык” жана “Укук” багыттары боюнча курстарынан өтүп, CIPA программасынын ар бир дисциплинасы боюнча   экзаменди ийгиликтүү тапшыруу керек.

Маалымат: CIPA программасы - бул бухгалтердин эл аралык кесиптик квалификациясы. Программа боюнча окутуу эки этапта өтөт: биринчи баскычтан кийин CAP наамы ыйгарылат, экинчи баскычтан өткөндөн кийин адис CIPA наамын алат.