Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине 2017-жылга жүргүзүлгөн аудит

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинде жана анын ведомстволук ишканаларында бюджеттик жана атайын каражаттардын пайдаланылышына аудит жүргүздү.

Аудиттин жүрүшүндө, Комитет алдындагы “Атайын байланыш кызматы” Мамлекеттик ишканасы, “Мамлекеттик  ишканаларды башкарууну жакшыртуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы   №62 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун эсебине таза кирешеден 50% б.а.  463,5 миң сом которулбагандыгы аныкталган. Жогоруда көрсөтүлгөн сумма аудиттин жүрүшүндө толугу менен ММБФке которулган.

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен Комитет 12 конкурс боюнча бааларга мониторинг жүргүзбөстөн туруп - 4 603,5 миң сом суммасында сатып алууларды жүргүзгөндүгүн аудит белгилейт.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Комитеттин жетекчилигине аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүү боюнча, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн бузууларга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин кароо сунушталды. Аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына жана аудит объектисине жөнөтүлдү.