Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

“Чыгыш электр” Ачык акционердик коомунун ишине 2017-жылга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы “Чыгыш электр” Ачык акционердик коомунун ишине аудиттин жыйынтыгы боюнча 2017-жылга  пландык аудит жүргүздү.

Аудиттин жүрүшүндө 417,1 миң сомго бюджеттин резервдери аныкталган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  18.02.2013-жылдагы  №83 токтому менен бекитилген, “Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө”  Жобону бузуу менен, ААКсында республикалык бюджеттин кирешесине которулууга тийиш болгон жогоруда көрсөтүлгөн сумма чыгымдар тизмесине негизсиз киргизилген.

Аудит бөлүштүрүүчү компаниясы тарабынан “Витязь” МИ, “Солнышко” МИ, “Каприз” ЖЧКсы, “Кейсар” ЖЧКсы сыяктуу туризм чөйрөсүндө экономикалык иш алып барган өзүнчө субъекттер юридикалык баа берүүнүн жоктугунан улам, башка керектөөчүлөр тобуна киргизүүнүн ордуна  “калк” тарифтик тобуна негизсиз киргизилгенин (1кВт га тариф 0,77 сом)   белгилейт. Натыйжада 2017-жылга компаниянын кирешелеринин эсептик жоготуулары - 2 876,0 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле “Акционердик коом жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесин бузуу менен, Директорлор Кеңешиинин 2017-жылдын бүтүндөй таза кирешесин - 95 855,2  миң сом суммасын чыгымдарды жабууга багыттоо чечимин кабыл алган. Натыйжада, акционерлердин эсептик жоготуусу минималдуу өлчөмдө (25%), 2017-жылга дивиденддик фонду түзүү - 23 963,8 миң сомду түзгөн. Анын ичинен, мамлекеттин үлүшү -  19 288,5 миң сом.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча ААКга аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүү боюнча жазма буйрук берилди.