Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын кызматкерлерин техникалык жактан окутуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлерин техникалык окутуу аяктады. Окутуунун программасында негизги басым коррупцияга каршы саясат, кызматкерлердин этикасына жана жалпысынан Эсептөө палатасынын ишин жакшыртууга жасалды.

Окутуунун жүрүшүндө актуалдуу темалар көтөрүлүп, катышуучуларга: жергиликтүү бюджетке аудит жүргүзүүнүн методологиясы, аудитте документтештирүү жана аудиттик далилдер, аудиттик иш алып барууда статистика жана отчеттуулук, бузуулардын классификатору, мамлекеттик кызматчылардын ишин баалоо, Эсептөө палатасында иш процесстерин автоматташтыруу тутуму маселелери боюнча пикир алмашууга жана талкуулоого мүмкүнчүлүк болду.

Коррупцияга каршы окутуунун алкагында кызыкчылыктардын кагылышуусун башкарууга өзүнчө бөлүк арналып, анда  кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болгон учурда мамлекеттик кызматчылардын иш аракети жана аны жөнгө салуу ыкмалары, ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этиканы сактоо боюнча талкуу болуп өттү.

Окутууга 170 кызматкер катышты.   

 

          v