Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2017-жылга Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы

КР Эсептөө палатасы тарабынан КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине жана анын ведомстволук бөлүктөрүнө 2017-жылга  бюджеттик каражаттардын чыгымдар сметасынын, атайын эсептин кирешелер жана чыгымдар сметасынын аткарылышына пландык аудит, мамлекеттик инвестициялар программаларына функционалдык талдоо жана аудит жүргүзүлдү.

Аудит бир катар каржы бузууларды аныктады. Атап айтканда министрлик тарабынан эмгек акыларды негизсиз төлөп берүү, курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жогорулатуу, товардык-материалдык баалуулуктарды уурдоо жана кем чыгууларга жол берилген.

Баткен, Лейлек, Кадамжай, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп жана Ыссык-Көл району боюнча, ошондой эле Ысык-Көл  бассейн суу чарба башкармалыгы боюнча жана Түп райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгында1,0 млн. сомго эмгек акыларды негизсиз төлөп берүүлөр аныкталган.

727,5 миң сомго курулуш-куроо иштеринин көлөмү жогорулатылгандыгы, тактап айтканда каналдарды курууда жана насостук станцияларды оңдоо иштеринде жогорулатуулар аныкталган.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар, атап айтканда товардык-материалдык баалуулуктардын корлорун жана эсептердеги каражаттарды пайдалануу 4,6 млн. сомду түздү.

Мындан тышкары, министрликтин борбордук аппаратында жана анын ведомстволук бөлүктөрүндө  “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарын көптөгөн  бузуулар аныкталгандыгын аудит белгилейт.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча министрликтин жетекчилигине аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузууларды жана кем чыгууларды жоюуга жана мындан аркы ишинде аларга жол бербөө,  Эсептөө палатасынын мурдагы аудиттин жыйынтыгы боюнча берилген жазма буйруктун жарым-жартылай аткарылган пункттарынын аткарылышын камсыздоо сунушталды.

Аудиттин материалдары КР  Жогорку Кеңешине, КР Президентинин Аппаратына, КР Өкмөтүнө жана аудит объектисине жөнөтүлдү. Мындан тышкары товардык-материалдык баалуулуктардын жетпей калуу фактысы боюнча аудиттин материалдары юридикалык баа берүү үчүн Баткен областтык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.