Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

13-февралда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү

2019-жылдын 13-февралында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Кеңештин отурумуна - төрага Улукбек Марипов, аудиторлор - Алимжан Байгазаков, Заирбек Жоошбеков, Ишенбек Медетов, Вадим Садовников, Айжан Садыркулова, Акылбек Түмөнбаев, Зарылбек Сатаев, Алмасбек Султанкулов жана Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын кызматкерлери,  аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Отурумда  “СК Ресурс” ЖЧКсына 2017-жылга, “Чакан ГЭС” ААКсына 2017-жылга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигине 2017-жылга, КР  Мамлекеттик кадр кызматына 2016-2017-жылдарга,  Кыргызстан Профсоюздар федерациясына 2017-жылга эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо үчүн бөлүнгөн каражаттардын пайдалануу бөлүгүндө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары каралды.

“СК Ресурс” ЖЧКсынын  жана “Чакан ГЭС” ААКсына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарын кароо үчүн КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү  башкаруу боюнча фондусунун жана  “Улуттук Энергетикалык Холдинг Компаниясы” ААКсынын өкүлдөрү чакырылды.

“СК Ресурс” ЖЧКсына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карап чыгып, Кеңештин мүчөлөрү  Мамлекеттик мүлктү  башкаруу боюнча фондусу тарабынан мамлекеттик контролдун жоктугун жана бул объект кардарлардын көп болгонуна карабастан чыгашалуу болушу мүмкүн эместигин белгилешти. ММБФ өкүлүнө ЖЧКнын ишин контролдоону күчөтүү зарылдыгы сунушталды. 

Төрага Улукбек Марипов Профсоюздар федерациясына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчетту угуунун жүрүшүндө, анын жетекчилигине эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондусунун  каражаттарын натыйжалуу бөлүштүрүү максатында ишти башкача курууну карап чыгууну сунуштады. 

Ошондой эле, отурумда КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери жана Дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агенттигине жүргүзүлгөн мурдагы аудиттин алкагында берилген жазма буйруктун аткарылышы боюнча маселе каралды. Жазма буйруктун аткарылышы боюнча маалыматты карап чыгып, агенттиктин жетекчилигине аткарылбаган пункттарды эки жуманын ичинде жабууну жана жыйынтыктары жөнүндө Эсептөө палатасынын Кеңешине маалымат берүү сунушталды.

Аудиттин жыйынтыгы тууралуу маалыматтар каралгандан кийин тийешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт жана КР Эсептөө палатасынын www.esep.kg официалдуу сайтына жүктөлөт.