Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Өзгөн, Сузак, Токтогул жана Чаткал райондорунун бюджеттик мекемелеринде жана айылдык округдарында 32,4 млн. сомго каржы тартип бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары., Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Өзгөн, Сузак, Токтогул жана Чаткал райондорунун бюджеттик мекемелеринде жана айылдык округдарында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүлдү. Төрт райондо каржы бузуулардын жалпы суммасы 32,4 млн. сомду түзгөн.

Ар бир райондун бюджеттик мекемелеринин жана айылдык округдарынын аудит материалдарына талдоо көрсөткөндөй, жылдан-жылга жана мүнөзү боюнча окшош келген каржы бузуулар кайталанган. Атап айтканда, акча каражаттарынын жана товардык-материалдык баалуулуктардын жетпей калуусу, эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр, товардык-материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыгаруу, командировкалык чыгымдарды ашыкча төлөө, курулуш-куроо иштеринин наркын жогорулатуу, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу, эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган насыялык карыздарды  аудит аныктаган.

Өзгөн районунун бюджеттик мекемелерине жана айылдык округдарына 2016-2017-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча 22,0 млн. сомго каржы бузуулар аныкталган. Алардын ичинен, негизги каржы бузуулар: максатсыз пайдаланылган мамлекеттик каражаттар - 17,8 млн. сом, эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган насыялык карыз - 1,7 млн. сом,  курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жана наркын жогорулатуу - 1,7 млн. сом.

Каржы бузуулардын жалпы суммасынын ичинен 21,9 млн. сом калыбына келтирилүүгө тийиш. Аудиттин жүрүшүндө 3,0 млн. сом калыбына келтирилген.

Мындан тышкары, электр энергиясын жана КММ ченемден ашыкча пайдалануудан, эмгек акыны негизсиз төлөп берүүдөн жана башка бузуулардан -  1,9 млн. сомго бюджеттик жоготуулар аныкталган. 

Чаткал районунун бюджеттик мекемелерине жана айылдык округдарына 2016-2017-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча 7,5 млн. сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинде: курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жана наркын жогорулатуу 6,4 млн. сом, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу 0,6 млн. сом.

Аныкталган каржы бузуулар калыбына келтирилүүгө тийиш, аудиттин жүрүшүндө 5,7 млн. сом калыбына келтирилген.

Электр энергиясын жана  КММ ченемден ашыкча пайдалануудан, эмгек акыны негизсиз төлөп берүүдөн жана башка бузуулардан келип чыккан бюджеттин жоготуулары  4,5 млн. сомду түзгөн.

Токтогул районунун бюджеттик мекемелерине жана айылдык округдарына 2016-2017-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 1,9 млн. сом каржы бузуулар аныкталган. Алардын ичинен, ири бузуулар - курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жана наркын жогорулатуу - 0,8 млн. сомду, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу -  0,3 млн. сомду, жашырылган дебитордук жана жогорулатылган насыялык карыз - 0,2 млн. сомду түзгөн.

Аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 1,8 млн. сомдун 0,5 млн. сомунун орду толтурулган.

Электр энергиясын жана  КММ ченемден ашыкча пайдалануудан, эмгек акыны негизсиз төлөп берүүдөн жана башка бузуулардан келип чыккан бюджеттин жоготуулары 1,5 млн. сомго аныкталган.

Сузак районунун бюджеттик мекемелерине жана айылдык округдарына 2016-2017-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 1,0 млн. сомго каржы бузуулар аныкталган, алар төмөнкүлөрдөн турат: эмгек акыны негизсиз төлөп берүү, товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу,  командировкалык чыгымдарды ашыкча төлөө, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу, КР Социалдык фондусуна жана бюджетке кошумча эсептелген кирешелер.

Каржы бузуулардын жалпы суммасынын ичинен 0,9 млн. сом  калыбына келтирилүүгө тийиш, аудиттин жүрүшүндө 0,7 млн. сом калыбына келтирилген.

Электр энергиясын жана КММ ченемден ашыкча пайдалануу, жана эмгек акыны  негизсиз төлөп берүү түрүндө бюджеттин жоготуулары 1,7 млн. сомду түздү.