Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында Аялдардын Эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында Аялдардын Эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү. Бул иш-чарага жетекчилик жана эмгек жамааты катышты.

Төрага  Улукбек Марипов эмгек жамаатын куттуктады жана  өз сөзүндө азыркы коомдо жана адамзаттын тарыхында аялзатынын орду, ролу өзгөрүлбөгөн бойдон калганын белгиледи. “Адам баласы бар болуп турганда, энелердин сүйүүсү жашап турганда, аялзатына канчалаган ырлар жана поэмалар арналбасын бул тема түбөлүк жашайт. Бизди чоңойтуп өстүргөн, бийик адамдык сапаттарга, ыйманга, гуманизмге жана кайрымдуулукка, боорукерликке тарбиялаган энелердин алдында кутулгус карыздарбыз жана тизе бүгүп таазим кылабыз”- деп, баса белгиледи.

Улукбек Марипов эмгек жамаатка кайрылып жатып, дүйнөлүк тарыхта да,  кыргыз тарыхында да аялзаты өз жанын аябагандыгы жана акылмандуулугу  менен тарыхта өзгөрүштөрдү жасаган эпизоддор бар экенин айта кетти. “Буга биз Чыйырды, Каныкей, Курманжан Датка энелерибиздин образдарын мисал катары келтирсек болот. Аялзаты Сиздер эмгекчилдиктин, даанышмандыктын, чыдамкайлыктын, сабырдуулуктун үлгүсү болуп келесиздер. Бүгүн Сиздер үй иштерин жасоо, балдарды тарбиялоо менен  бирге, биз менен тең тайлаша иштеп, иштеген ишиңиздерде ийгиликтерди жаратып келесиздер. Үй-бүлөнүн убарасы менен бирге Сиздер мамлекеттин каражатын жана мүлкүн коргоо боюнча ишти алып баруу менен, Кыргызстандын гүлдөп - өнүгүүсүнө өз салымыңыздарды кошуп жаткандыгыңыздар үчүн, Сиздерге терең ыраазычылык билдиргим келет. Ушул жаздын жаркыраган күнү сиздерге жана сиздердин жакын адамдарыңыздарга чың ден соолук, ийгилик, баардык иштериңиздерде жетишкендикти, жакындарыңыздардын сүйүүсү жана камкордугуна бөлөнүп, үйүңүздөргө бейпилдик жана бейкутчулук толуп турушун чын жүрөктөн каалайм”-деп, сөзүн аяктады.