Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кара-Көл, Майлы-Суу, Сүлүктү жана Кызыл-Кыя шаарларынын бюджеттик мекемелерине жана муниципалдык ишканаларына аудит жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары., Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Кара-Көл, Майлуу-Суу, Сүлүктү жана Кызыл-Кыя шаарларынын бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүлдү.

Кара-Көл шаарынын бюджеттик мекемелерине жана муниципалдык ишканаларына 2016-2017-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча 3 406,7 миң сомго каржы бузуулар аныкталган. Анын ичинен, бюджетке кошумча эсептелген  каражаттар - 1 798,5 миң сомду, товардык-материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыгаруу – 898,0 миң сомду түзгөн.

Каржы бузуулардын жалпы суммасынан - 2 727,5 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш. Аудиттин жүрүшүндө  орду толтурулган сумма - 924,2 миң сом. 

Мындан тышкары бюджеттин жоготуулары жана резервдер – 1 016,6 миң сомго, каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануу – 1 475,0 миң сомго аныкталган.

Майлы - Суу шаарынын бюджеттик мекемелерине жана муниципалдык ишканаларына 2016-2017-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча 3 044,8 миң сомго каржы бузуулар аныкталган. Анын ичинде: эмгек акыларды негизсиз төлөп берүүлөр - 928,1 миң сом,  эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган насыялык карыз – 1 910,9 миң сом.

Каржы бузуулардын жалпы суммасынан 1 987,4 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш, анын ичинен 310,1 миң сом аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген.

Сүлүктү шаарынын бюджеттик мекемелерине жана муниципалдык ишканаларына 2016-2017-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча 457,0 миң сомго каржы бузуулар аныкталган, анын ичинен: курулуш – куроо иштерин жана көлөмүн жогорулатуу – 197,9 миң сомго, товардык-материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыгаруу – 84,2 миң сомго.

Аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузуулардын суммасынан – 142,8 миң сомдун орду толтурулду.

Ошондой эле аудит тарабынан бюджеттин жоготуулары жана резервдери 1 426,6 миң сомго аныкталган. 

Кызыл-Кыя шаарынын бюджеттик мекемелерине жана муниципалдык ишканаларына 2016-жылга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу түрүндө каржы бузуулар, ошондой эле мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу - 149,6 миң сомго аныкталган. Аудиттин жүрүшүндө бардык сумма калыбына келтирилген.

Бюджеттин жоготуулары 388,7 миң сомду түзгөн.