Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине аудит жүргүздү

КР Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде 2016-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына республикалык бюджеттик каражатын пайдалануу натыйжалуулугуна пландык аудит жүргүздү.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча 0,3 млн. сомго каржы бузуулар аныкталды.

Каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануу 1,6 млн. сомду түздү. Анын ичинен 1,1 млн. сом багыты боюнча пайдаланылган эмес, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы №694 “Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, 0,5млн. сом - дебитордук карыз республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш.

Резервдер жана жоготуулар, атап айтканда кызматкерлерге негизсиз төлөнүп берилген сый акылар 3,3 млн. сомду түзгөн. Алардын ичинен 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча эмгек акы фондусун  үнөмдөөнүн эсебинен - 1,3 млн. сом төлөнүп берилген. 2017-жыдын жыйынтыгы боюнча - 1,4 млн. сом, ага ылайык КР Социалдык фондго ашыкча чегерүүлөр - 0,5 млн. сомду түзгөн.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Агенттикке Эсептөө палатасы тарабынан аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузуулар жана кем чыгуулар боюнча  сунуштар, КР Финансы министрлигине жазма буйрук берилди. Аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына,   Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана аудит обьектисине жөнөтүлдү.