Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2017-жылга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мамлекеттик менчикти башкаруу, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн жана 2017-жылга Фонддун бюджетин аткаруу ишмердигине пландык аудит жүргүзүлдү.

Фонд тарабынан 2017-жылга республикалык бюджеттин дивиденддер эсебине мамлекеттик акциялардын  пакетине кошуп эсептөөлөр 2,2 млрд. сомкелип түшүүлөрдү камсыз кылган,  же планга карата 77%. 2016-жылга салыштырмалуу келип түшүүлөр 108,5 млн. сомго төмөндөгөн.

2017-жылдын башына карата ММБФке дивиденддер боюнча акционердик коомдордун карызы 60,2 млн. сомду түзгөн, кошуп эсептелген айыптар боюнча - 173,2 млн. сом, дивиденддер жана айыптар боюнча “Кыргызалтын” ААКсы жана “ХРАО” ААКсынын эң көп карызы бар.

2017-жылга мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынан каражаттардын келип түшүүсү 266,1 млн. сомду түзгөн. Келип түшүүлөрдүн жылдык планы 76,8%га аткарылган.

Жыл башына мамлекеттик ишканалардын таза кирешесинин чегерүүлөрү боюнча жалпы карызы - 151,4 млн. сомду түзгөн, таза кирешеден чегерүүлөр боюнча ашык төлөө – 2,6 млн. сом. 2017-жыл башына жана аягына абалы боюнча “НК Кыргыз темир жолу” МИ ири көлөмдө карыз.

2017-жылы мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн республикалык бюджетке 110,0 млн. сом каражат түшкөн же ММБФтин пландык көрсөткүчтөрү 183,3%га аткарылган, бул болжолдук көрсөткүчтөрдөн 50,0 млн. сомго көп. 2016-жылга салыштырмалуу өсүү темпи жокко эсе жана  8%ды түздү же болбосо келип түшүүлөр 2016-жылга салыштырмалуу 1007,4 млн. сомго азайган.

2017-жылга менчиктештирүүдөн республикалык бюджетке каражаттардын келип түшүүлөрү 156,5 млн. сомду түзгөн же пландык көрсөткүчтөр 28,5% аткарылган, болжолдук көрсөткүчтөрдөн 393,4 млн. сомго аз.  2016-жылы менчиктештирүүдөн каражат түшкөн эмес.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча 15,2 млн. сомго финансылык бузуулар аныкталган. Алардын ичинен, товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуулары - 0,2 млн сомду, эсеп боюнча жашырылган жана негизсиз эсептен чыгарылган дебитордук карыз – 5,1 млн. сомду, материалдык баалуулуктарды жана отчет берме суммаларды негизсиз эсептен чыгаруу – 0,6 млн. сомду, бюджеттин кирешесине кошумча чегерилген - 9,2 млн сомду түзгөн.

Бюджеттин жоготуулары жана резервдери 550,4 млн. сомду түзгөн. Алардын ичинен, бюджетти түзүүдө анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү менен байланышкан бюджеттин резервдери- 545,5 млн. сомду, анын ичинде: мамлекеттик акциялардын пакетине дивиденддер боюнча - 113,3 млн. сом жана алар боюнча штрафтар 168,1 млн. сом, мамлекеттик ишканалардын  кирешелеринин 50%ын бюджетке которуулар боюнча - 264,1 млн. сом.