Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында “Айтматовдук окуу” жана жазуучунун чыгармаларынын негизинде балдардын сүрөт тартуу конкурсу болуп өттү

2018-жыл Ч. Айтматов жылы деп жарыяланып,  өлкөбүздөгү жыл ичинде өтүп жаткан масштабдуу иш-чараларды колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата кызматкерлеринин арасында “Айтматовдук окуу” жана жазуучунун чыгармаларынын негизинде балдардын сүрөт тартуу конкурсу өткөрүлдү.

Көркөм окууда заманыбыздын улуу жазуучусу Ч. Айтматовдун – “Саманчынын жолу”, “Кылым карытар бир күн”, “Жамийла”, “Кыямат”, “Кассандра тамгасы”, “Ак-Кеме”, “Кызыл жоолук жалжалым”, “Эрте жаздагы турналар”, “Кызыл алма”, “Гүлсарат” чыгармаларынан үзүндүлөр окулду. Көркөм окуу боюнча Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрдүн   кызматкерлеринин катышуусу менен видео ролик даярдалды.

4-15 жашка чейинки жаш авторлордон 30 сүрөт конкурстук комиссиянын кароосуна келип түштү. Бул конкурстун өткөрүү максаты: жазуучунун чыгармаларын жайылтуу жана жаш муунду жазуучунун чыгармачылыгына жана чыгармаларына көңүл бурдуруу, ошондой эле балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында китеп окууну жайылтуу. Болуп эсептелет.

Жаш авторлор эмгектеринде жазуучунун “Ак кеме”, “Ак баранын көз жашы”, “Биринчи мугалим”, “Жамийла”, “Эрте келген турналар”, “Кызыл жоолук жалжалым”, “Жаныбарым Гүлсары” жана башка романдарынан, повесттеринен эпизоддорду берүүгө аракеттенишкен.

Конкурстук комиссиянын курамына КР китеп палатасынын директору Момункулов К., Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун өкүлү А. Кадырмаматова жана С.А. Чуйков атындагы сүрөт окуу жайынын өкүлү А. Шаршенов, ошондой эле Эсептөө палатасынын аудитору З. Жоошбеков кирип, үч курактык жаш боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты. Уюштуруу комитети Ч. Айтматовдун чыгармаларына кайрылуу, Ата-Мекенге болгон сүйүүнү, жарандык позициянын инсандыгын, боорукердик сезимин, адамга болгон жоопкерчиликти жана акыйкаттуулукту сезүү үчүн абдан маанилүү, деп эсептейт.

Салтанаттын жүрүшүндө конкурстун жеңүүчүлөрүн дипломдор жана китеп дүкөнүнө, кинотеатрга жана шаардык муз тебүү аянтына сертификаттар менен сыйланышты. Мындан тышкары, калган сүрөттөрдүн авторлору да ыраазычылык кат жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Конкурстун жеңүүчүлөрү: Матаева Акниет, Никишкова Анастасия, Бабакулова Аймаржан, Акматов Эмир, Нурдинова Нурайым, Акматов Айтэмин, Мамбетсеитова Дария, Русланов Баястан и Абылова Адинай. Кызыктыруучу сыйлыктар менен: Суюнбеков Айкын, Батаева Адеми, Никишков Артур, Бабакулова Айнуска, Бердибаева Алтынай, Алмазбекова Каныкей, Сыдыкова Арууке, Керимов Мурат, Козубаев Эмирхан, Калдыбаев Санжар сыйланышты.

“Айтматовдук окуунун” катышуучуларына залкар жазуучунун китептери тапшырылды.

Иш-чаранын аягында жаш коноктор жана алардын ата-энелери Ч. Айтматовдун үй-музейине барышты.