Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын кызматкерлери “Айтматов дүйнөсү” документалдуу фильмди көрүштү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлору башында турган эмгек жамааты үчүн, Ч. Айтматов атындагы  Кино үйүндө “Айтматов дүйнөсү” (реж. Бакыт Карагулов) аттуу толук метраждуу документалдык-публицистикалык фильм көрсөтүлдү.

Картинанын сюжети Чынгы Айтматовдун өмүр-баянына, анын инсандыгына, адабий мурасына, жакындарынын жана замандаштарынын, кесиптештеринин жана жазуучунун өмүр баянын жана чыгармачылыгын изилдеген чет элдик окумуштуулардын  эскерүүлөрүнө негизделген. Ошондой эле, мурунку жана азыркы мамлекеттик башчыларынын, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбековдун, көрүнүктүү саясатчылардын, коомдук ишмерлердин, жазуучулардын бир тууган карындашы Роза Айтматованын  жазуучу тууралуу маектери берилген.

Роза Айтматова  өзүнүн эскерүүсүндө, “Маймак” станциясынын, батыштан чыгышты карай, чыгыштан батышты карай байма-бай каттаган   темир жол поезддеринин  Чынгыз Төрөкуловичтин жашосундагы ролу жана мааниси жөнүндө айтып берүү менен, алардын үй-бүлөсүнүн жашоосундагы жана  бүтүндөй өлкөдөгү жана башка окуялар менен ой бөлүштү.  

Фильмди  койгон - Т. Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» кионстудиясы, сценарийдин автору  – Абибилла Пазылов жана Түгөлбай Казаков.