Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында Б. Ельцин атындагы Кыргыз - Орус Славян Университетинин студенттери үчүн республикалык бюджетке аудит темасында дарс өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттерине, келечектеги экономистерине жана финансистерине алардын билим деңгээлин практика менен бекемдөө үчүн, келечектеги жаш кадрларды калыптандыруу жана тарбиялоо максатында, дарстарды өткөрүп келет. Эсептөө палатасынын адистери дарс окуучу катары өзүлөрүнүн билими жана  тажрыйбасы менен бөлүшүп турушат. Бул жолу лекция Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин 4-курсунун студенттерине республикалык бюджеттин аткарылышына аудит жүргүзүү темасында болуп өттү.

Дарс окуучу катары Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Гульмира Жумагулова сүйлөдү. Бет ачардын башында ал Эсептөө палатасынын милдеттери, аткарылган иштери, мамлекеттик аткаруу органы катары деңгээли жөнүндө кыскача баяндады. Лекциянын жүрүшүндө бюджетти түзүү маселелери жана анын Өкмөт тарабынан аткарылышы, карап чыгуу жол-жоболору, башкы финансылык документтин Жогорку Кеңеште, 2017-жылга КР Бюджеттик кодексинде, күчүнө кирген мыйзамда кабыл алынышы жана талкууланышы жөнүндө сөз козголду. “Бюджеттик кодексти кабыл алуу менен биринчи жолу баардык бюджеттик чөйрөдөгү мыйзамдар бирдиктүү документке келтирилген. Бюджеттик кодексти  иштеп чыгуу, бул -бюджеттик процессти жана мыйзамдарды өркүндөтүү жана оптималдаштыруу зарылдыгы, аларды дүйнөлүк стандарттарга жакындатуу”- максаты - деп белгиледи ал.

Андан соң Г. Жумагулова,  Эсептөө палатасынын бюджеттик процесстеги ролуна, атап айтканда,  Эсептөө палатасы тарабынан өткөн финансылык жылга бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча  жүргүзүлгөн аудитке, ошондой эле, учурдагы жылга бюджеттин аткарылышына корутундуларды даярдоого жана келерки  жылга бюджеттин долбооруна    кененирээк токтолду. 2017-жылга бюджеттин аткарылышына аудит, КР Бюджеттик кодексин биринчи жылы колдонуу шарты менен жүргүзүлгөңдүгүн белгиледи. Аудиттин жыйынтыгы парламентте биринчи окууда кабыл алынган.

Жолугушуу учурунда студенттер  өзүлөрүн кызыктырган суроолорду активдүү берип жатышты жана канааттандырарлык жооп ала алышты.